“Алмашинин изи менен” аттуу жолугушуу
69-гимназияда “Алмашинин изи менен” деген аталышта Венгер окумуштуусу, фольклорист, изилдөөчү Давид Шомфаи Кара жана анын жубайы Аида Шомфаи, о.э. “Алыкул үй-борборунун” директору, Алыкул таануучу, жеке ишкер Памирбек Казыбаев агайыбыз менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга гимназиянын администрациясы, мугалимдери жана окуучулары активдүү катышты. Венгриядан келген Кыргызстандын күйөө баласы Давид Кара жолугушууда эң кызыктуу изилдөөлөрүн, окуяларын, үй-бүлөсүн жана жеке келечектеги пландары тууралуу эң сонун баяндап берди. Окуучулар кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
Комментарии