Байсалов Эдиль Жолдубаевич мырза №69 гимназиясында
28.03.2023. Министрлер кабинетинин Председателинин орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына келип , STEAM сабактарынын жүрүшү, лабораториялар боюнча таанышып кетти.
Гимназияда лабораториялар менен иштөөдө, деги эле мектепте жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктөр жөнүндө мектеп директору Атаева Сайрагул Токтосуновна маалымат берди.
Виртуалдык лабораториялар менен кандай иш алып барылып жаткандыгы, окуучулардын шаардык изилдөө иштери боюнча катышкан сынактын жеӊүүчүлөрүнүн иштери көрсөтүлдү.
Тереӊдетилген чет тилдери (немец, кытай, корей) жөнүндө да маалымат берилди.
Ошондой эле окуучуларга билим менен айкалыштыра эстетикалык тарбияны кошо алып барылып жаткандыгы тууралуу да мектеп көрсөтө билди. Гимназяи
Гимназияга Байсалов Эдиль Жолдубаевич мырза жылуу пикирлерин билдирип кетти.
Комментарии