Эл аралык коомдук Айтматов Клубунун жаңы мүчөлөрү
Ч. Айтматовдун чыгармаларын жана идеяларын пропагандалап, илим, билим жана маданият тармагында келечектин лидерлерин тарбиялап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн Эл аралык коомдук Айтматов Академиясынын Ардактуу академик деген наамы академик А. А. Бөрүбаев, академик А. Т. Жунушов, академик М. М. Кидибаевге салтанаттуу түрдө тапшырылды. Мындан тышкары Эл аралык коомдук Айтматов Клубунун жаңы мүчөлөрү кабыл алынып, клубдун Төш белгиси менен Бишкек шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы №69-мектеп-гимназиясынын директору, КРнын Эмгек сиңирген мугалими С.Т. Атаева сыйланды. Гимназиябыздын “Актердук чеберчилик” ийриминин 13 мүчөсү, Жоробаева Айтунук 8-Е класс, Качкынова Жаңылай 8-Е класс, Мамбетакунова Назима 8-Е класс, Табылдиева Сейил 8-Д класс, Акылбеков Байтур 9-И класс, Муканбетжусупова Анара 10-В класс, Матаев Жакшылык, Муктар уулу Алинур 10-А класс, Эсенбеков Залкар 10-А класс, Тешебаев Эмирбек 11-Г класс, Съезбек уулу Сыймык 10-Е класс, Нурланова Айлун 7-Д класс, Арсыматов Аксуубай 7-А класс жана мектеп менен ийримдин Айтматовдун чыгармачылыгын пропагандалоого кошкон салымы үчүн ТИ боюнча директордун орун басары Рахат Байшериева жана ийрим жетекчилер Элдияр Джарашев, Өмүрбек Бостонов, Эдил Үсөнбек Айтматов клубунун мүчөлүгүнө катталды.
Иш-чаранын алкагында гимназиябыздын “Актердук чеберчилик” ийрими Айтматовдун чыгармаларынан түзүлгөн чакан сахналык көрүнүштү тартуулап, фольклордук ансамбли концерттик чыгармаларды аткарды. Иш-чарага катышкан коноктор балдардын өнөрүн жогорку деңгээлде баалап, ыраазычылыктарын билдиришти.
Жогорку даражадагы ийгилигиңиздер кут болсун!
Комментарии