Республикалык “Кытай досук көпүрөсү”-2021
Алгачкы ирет республикалык “Кытай досук көпүрөсү” онлайн түрүндө 14 жашка чейинкилердин арасында болуп өттү.
17 катышуучунун арасынан 1-орунду биздин 7- З кл. окуучусу Эралкан кызы Айгине, жетекчиси Кыдырбек кызы Айкерим экөө багындырды.
«Instagram» тармагында да добуш берүүчүлөр тарабынан алдыңкы орунга ээ болуп, ал жерден сыйлыкка ээ болду.
Бул сынакта речи, өнөрү бааланды. Айгине кытай тилине болгон кызыгуусун, билимин дагы бир ирет тастыктады.
Комиссия курамында Кытай мамлекетинен келген өкүлдөр болгондуктан, бардыгы Айгиненин билимине, талантына жогору баа беришип, жылуу пикирлерин билдиришти.
Айгине менен Айкерим лаошыга мындан ары да дагы ийгиликтер коштой берсин демекчи гимназия жамааты!
Азаматсыңар, биз сиздер менен сыймыктанабыз!!!
Комментарии