Татарстан республикасынын билим жана илим министри Ильсур Хадиуллиндин иш сапары
Гимназиябызга 18-ноябрда Татарстан республикасынын билим жана илим министри Ильсур Хадиуллин иш сапары менен келип кетти. Келген коноктоду гимназиябыздын директору, КР эмгек сиңирген мугалими Атаева С. Т. түзүлгөн сценарийдин негизинде гимназиябыздын ишмердүүлүгү менен тааныштырып чыкты. Сценарийдин негизинде кыргыз тили жана адабияты, немец тили, кытай тили сабактарынан кыска фрагмент менен таанышып, бул тилдердин окутулушу боюнча маалымат алуу менен ийримдин окуучуларынын өнөрлөрүнө күбө болушту. Ильсур Хадиуллин мырза гимназиябыздын ишмердүүлүгүнө жогорку баа берип, ийгиликтерди каалады. Айрыкча Джарашев Элдияр жана Бостонов Өмүрбек жетектеген актердук чеберчилик ийриминин окуучуларынын аткаруусундагы “Ч. Айтматовдун чыгармаларынан коюлган композицияна” жогорку баа берип, бул ийримдин окуучуларын Татарстан мамлекетине чакыраарын белгиледи.
Гимназиябызда дайыма ийгиликтер жарала берсин.
Комментарии