23-сентябрь — мамлекеттик тил күнү
Бишкек шаарындагы 69-окуу-тарбия комплекс-гимназиясында «23-сентябрь — мамлекеттик тил» күнүнө карата «ТИЛ — УЛУТТУК МАДАНИЯТ, УЛУТТУК БАЙЛЫК, УЛУТТУК МУРАС» деген аталышта тизим
/линейка/ болуп өттү. Анда тилдин тарыхынан «Гуманитардык бирикменин» мугалимдери тарабынан маалымат берилип, ОТКГнын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рахат Карагуловнанын куттуктоосу жана окуучулар тарабынан даярдалган тил тууралуу ып саптары жаңырды. Окуучулар КРнын мамлекеттик тил гимнин эң мыкты аткарышты. Бул иш чарада учурдагы Баткен окуясына наалат айтып, өтүп кеткен баатырларыбызга арналган куплеттер да жогорку деңгээлде айтылды. Эң негизгиси ыр саптары окуучулардын өз калемдерине таандык экендиги болду.
Урматтуу мекендештер, тил майрамыңыздар менен!
Комментарии