Ала-Тоо аянтында, Нооруз майрамына арналган салтанатта гимназиябыздын "Умтул-Театр" ийриминин окуучулары жалпы майрамга келген меймандарга Ч. Айтматовдун чыгармаларынан коюлган композицияны аткарып куттукташты. Жетекчиси, Джарашев Элдияр. Азаматсыңар балдар, силер мектептин гана эмес бүткүл кыргыз элинин сыймыгысыңар! Ар дайым ушундай бийик мамлекеттик иш чараларда өзүңөрдүн өнөрүнду элге тартуулай бергиле.
Гимназиябызда айлыктын алкагында ишембилик болуп өттү. Ишембиликке мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты.
17-март, 2023-жылы, Кесипке багыт берүү сабагынын алкагында гимназиянын 9-классынын окуучулары #93 кесиптик лицейинде экскурсияга барып, окуу-жай менен таанышышты. Экскурсия убагында мастер класстарга катышып, өздөрү кызыккан кесип багытында тесттерден өтүшүп, жыйынтыктарына ээ болушту. Окуучуларга абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.