Атаева Сайрагуль Токтосуновна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими

Атадан балага табигый мурас катары аздектелип берилген улуу кесипти Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплек-гимназиясынын директору Атаева Сайрагүл Токтосуновна улап келет. Сиңдиси Майрамкүл Атаева да Ысык-Көл районундагы Токтосун Атаев атындагы мектепте үлгүлүү жетекчилердин бири. Кичүү сиңдиси Гулмира Казакстандагы Уральск шаарында билим берүүнүн башкы адиси. Мына ушул Атаевдердин мугалимдик династиясы бүгүн да уланып жаткандыгын Атаева Сайрагүл Токтосуновнанын кызы Жазира Турдугуловна да бул мектепте үзүрлүү эмгектенип жаткандыгынан көрө алабыз. Атаева Сайрагүл Токтосуновна балдарды окутуп-тарбиялоодо, өзүнүн жаңычылдыгы, өзгөчөлүгү, билим берүүдө кошкон салымы менен зор инсан катары билебиз. Ошондой эле билимдин сапатын жогорулатуунун сырларын кесиптештерин үйрөтүп келген чыгармачылыл, мыкты жетекчи. Балдар үчүн мектепти Жогорку окуу жайлары менен айкалыштырып окутууда көп кырдуу эмгек жумшап келүүдө. Бүтүрүүчүлөрү чет мамлекеттерде билим алышууда. Ар бир окуучунун, педагогдордун өзгөчөлүгүн көрө билген, ийгиликке шыктандырган, талантынын ачкычын ача билген мыкты саяпкер.

Атаева Сайрагүл Токтосуновна мектеп тарыхында өзгөчө орду бар инсан . Мектеп директору Атаева Сайрагүл Токтосуновна орус тили жана адабияты мугалими болуп иш жолун улантып, окуу-тарбия боюнча директордун орун басарлыгына чейин иштеди. Өзүнүн мээнеткичтиги менен, чебер, кесипкөй, көсөмдүгүнөн, таланттуу адам катары мыкты, жетик жетекчиликке чейин өсүп жетти. Жаш муундарга, коомго жасаган эмгектери , мыкты уюштуруучу, чыгаан жетекчи, тажрыйбалуу педагог катары башкаларга өрнөк болуп келет.Билим берүү тармагында үзүрлүү, жемиштүү эмгеги үчүн коом тарабынан бааланып, бир нече Ардак грамоталардын , КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, КРнын “Эл агартуунун отличниги” ошондой эле кыргыз тилдүү мектепти өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамотасы, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин сыйлыктарына ээ болду.