Биз жөнүндө

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы негизги жана жалпы орто билим берүүгө укуктуу, окутуу формасы – күндүзгү, окутуу тили-кыргыз тили.

Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүүчү орто мектеп 1989-жылы Фрунзе шаардык эл депутаттарынын Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен 1266 окуучуга ылайыкташтырылып курулган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен 1999- жылы Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүүчү орто мектеп- “мектеп–гимназиясы” деп аталып,билим берүүчү ишмердигин  жүргүзүүгө укуктуу экендигин АШ №115 лицензия менен күбөлөндүргөн.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен 1999 –жылдын 13- апрелдеги №115 буйругунун  жана 2000-жылдын  5-апрелиндеги №12469-3301-У-е, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоосунун негизинде  № 69 мектеп – гимназия менен №36 жалпы билим берүүчү орто мектеп бириктирилип,  “Т. Сатылганов атындагы № 69 окуу –тарбия комплекс – гимназиясы” болуп ишмердүүлүгүн уланткан.

Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 436/1 буйругу менен №СС200000127    негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү программасын аткаруу үчүн сертификат берилген.

ОТКГнын реквизиттери: ОКПО код 20900160, каттоо12469-3301-У-е,  ИНН00504200010336   катталган күнү 12.06.2012-ж. сериясы ГПЮ №0006544

Уюштуруу-укуктук формасы: Мекеме

Менчик: Муниципалдык

Юридикалык дареги: индекс 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фатьянов көчөсү 10.

Мектептин Уставы: Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан 2012 -жылдын 25- майындагы №28 жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгынын 2012-жылдын 12-июнундагы ГПЮ №0006544 каттоолору менен бекитилген.

Окуу-тарбия комплекс-гимназиянын директору: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Атаева Сайрагуль Токтосуновна 0555 46 48 73, [email protected]

Телефондор :  59 16 59, 59 09 43 факс, 59 09 86,  54 19 07,  54 19 28

ОТКГнын электрондук дареги: [email protected]  

ОТКГнын сайты: https://69.edubish.kg

2022-2023-окуу жылында 3404 окуучу менен, 97 класс-комплект түзүлдү.

Мектепте окутуу эки имаратта жүргүзүлөт.

Биз жөнүндөБашкы имарат Фатьянов 10 көчөсүндө жайгашкан.

Мектеп типтүү проект менен курулган, 3 кабаттуу. Бул имаратта 4-11-класстар окушат.  Жайгашкан жалпы аянты -27080 м2.

54 окуу кабинети, спорт зал, акт залы, машыгуу залы, бий залы, бассейн, оранжерея, 1 устакана, 120 орундуу ашкана, китепкана (окуу залы жана китеп сактоочу жайы менен).  Жалпы китепкана фонду-35376 даана китепти түзөт. Анын ичинен методикалык китептер-571 даана, көркөм адабияттардын фондусунда 7036 даана  жана 27769 даана окуу китептери бар. Немец, кытай тилинин ресурстук борбору, усулдук кабинет, жаштар уюмунун кабинети, медициналык пункт бар.

 

 

 

 

Биз жөнүндө

 

Башталгыч класстын имараты Айни 13 дареги боюнча жайгашкан, 1-3-класстардын окуучулары окушат.

Имарат 2 кабаттуу. Жайгашкан жалпы аянты -9330 м2. Сыйымдуулугу 400 окуучуга ылайыкташкан.

Башталгыч класстар үчүн 18 кабинет, спорт зал, 120 орундуу ашкана, китепкана (окуу залы жана китеп сактоочу жайы менен), медициналык пункт бар.

 

Комплекс – гимназиянын миссиясы

Окуучулардын кызыгууларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү жогору, чет тилдерин эл аралык деңгээлде өздөштүрө алган, маалымат-коммуникативдик технологияларды өздөштүрүүгө даярдыгы бар, коомго багытталган, билимдүү, маданияттуу, ылдам өзгөрүп турган заманбап дүйнөдө татыктуу ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.

  1. Миссиянын багыттары:
  • Т. Сатылганов атындагы №69 окуу – тарбия комплекс – гимназиясы – окуучуларды жогорку деңгээлдеги билимге ээ кылат, алардын жогорку окуу жайына, каалаган адистикке тапшырууга даярдайт, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктөрүн камсыз кылат;
  • инсандын өнүгүшүндө -социалдык, маданий жана руханий керектөөлөрүнө ыңгайлаштырып, социалдашууга мүмкүнчүлүк түзөт;
  • жөндөмдүү, компетенттүү жеке тандоону жасай алган, жаңы коомдо  өзүн таба билген  бүтүрүүчүнү даярдайт.

Миссиянын максаты – атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку билимдүү, сынчыл ой жүгүрткөн, толеранттуу, командада иштей алган, натыйжалуу чечимдерди кабыл ала билген жана алар үчүн жоопкерчиликти көтөрө алган, өз мекенинин патриоту болгон бүтүрүүчүнү калыптандыруу.

Мектептин ишмердүүлүгүнүн мазмуну – гуманитардык- педагогикалык философиянын негизинде жаңы заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү үчүн багыттары:

  • окуучулардын интеллектуалдык сапаттарын калыптандыруу;
  • окуучунун жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулукка таандык экендигин түшүнүүсү менен көп маданияттуулукка, эл аралык тилектештикке, жоопкерчиликтүү жарандык идеалдарына негизделген ишмердүүлүгүн уюштуруу;
  • гуманизмдин жана маданияттуулуктун көп түрдүүлүгүн жана турмуштук идеяларды урматтоонун негизинде адамзатты бириктирүү зарылдыгын окуучуларга түшүндүрүү;
  • ар бир окуучунун жеке жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү менен анын эркиндигин жана укугун сыйлоо;
  • окуучулардын иш-аракетин көрсөтүүчү жеке баалуулук системасын калыптандыруу;
  • боорукердикке, мээримдүүлүккө жана социалдык жоопкерчиликке тарбиялоо;
  • окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, ошондой эле өзүн-өзү уюштуруу жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу;
  • окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү;
  • окуучулардын айланасындагы адамдар менен карым-катнашын өз ара урматтоо мамилесин негиздөө;
  • окуучуларды үзгүлтүксүз билим алууга умтулуу жөндөмдүүлүктөрүн тарбиялоо;
  • туруктуу өнүгүүнүн негизи болгон экологиялык тарбиялоого багыттоо;
  • окуучулардын билим алуу ишмердүүлүгү менен чыныгы турмушунун ортосундагы реалдуу байланыштарды түзүү.