Маалыматтык – китепкана кызматы

Китеп окууну балаӊызга адат кылуу өтө маанилүү.

Мектеп китепканасынын иши

Маалыматтык - китепкана кызматыФонддогу окуу китептеринин саны –  24821 нуска,

Адабий жана методикалык китептер – 6433 нуска,

Периодикалык чыгарылыштар – 8 керектүү газеталарга жазылуу жүргүзүлгөн.

Гимназиянын окуучулары окуу китептери менен  68 %  камсыз болгон, алардын  көбүнчөсү

2007-2018-жылдары басылып чыккан. Эски окуу китептерин кошумча  таратуу менен 87% камсыз

болду. Жаңы окуу китептеринин жетишсиздигинен окуучуларды толук камсыз кылууга

мүмкүнчүлүк ченелүү. Окуу китептери мамлекет тарабынан гана камсыз кылынат.Ал эми усулдук жана адабий китептерди мамлекет бир аз бергени болбосо, көпчүлүк адабий китептер мектеп  фондунун жардамы менен сатылып алынат.

Китепкананын окуу залы: башкы окуу корпусунда 24 орундуу окуу залы,Маалыматтык - китепкана кызматы

биринчи корпуста 12 орундуу окуу залы уюштурулган.

Биринчи окуу корпусу:  китепканачы Жапарова Сабира, стаж  40 жыл,

билими жогорку(КМУ,фил.фак.) 1,5 ставка.

Башкы окуу корпусу: китепканачы Бекбоева Нуржан,стаж 11 жыл,

билими жогорку (БГУ,ККТ фак.) 1,5 ставка.

Электрондук китепкана жок, бирок китепкана заманбап техникалар менен камсыздалган,алар: компьютер, принтер, (ксерокөчүрмө А-4,А-3), интернет булагы.

Мугалимдер жана окуучулар интернет булактарын колдонуп керектүү материалдарды ала алышат.

Документтерди кабыл алуу жана бүткөн формага келтирүү өз убагында жүргүзүлөт. Бардык келген адабияттар китепкана фондусунун документтеринде катталган.

Китепканага 1-11-класска чейинки 1260 окуучу, 120 педагог жана мектеп кызматчылары жазылган. Орточо эсеп менен бир күндө китепканага 30-50 киши келет. Окуучулар китептерди реферат, билдирүү жазууга, ошондой эле көркөм адабиятты окууга алышат. Китепканачы тарабынан материалдарды тандоого, керектүү учурда сөздүктөр жана справочниктер менен колдонууга жардам көрсөтүлөт.

Маалыматтык - китепкана кызматыКитепкананын окуу залы жыл бою жасалгаланып: “Иштерман жылы”, “ Мекеним – Кыргызстан”,”Манас бабам”,“Сергек жашоо мүнөзү”, «Жаратылыш жан досум», «Бул ким, ал эмне», «Жомоктор дүйнөсүндө» ж.б.көргөзмөлөрү үзгүлтүксүз уюштурулуп турат.

Ай сайын көргөзмө белгилүү даталарга жана темаларга карата өзгөртүлөт.

23-октябрда Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесине “Ааламга Ала-Тоодон көз салган Айтматов” темасында, шаардын деңгээлинде мектеп китепканачыларга семинар өтүлгөн.

Семинар жогорку деңгээлде өтүп,Ч.Айтматовдун басып өткөн жолу,чыгармачылыгы айтылып, келген конокторго Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган чакан сценка мектептин окуучуларынын аткаруусунда коюлуп берилди.

1-4 класстар үчүн китепканага тааныштыруу экскурсиясы жүргүзүлөт. Ал эми андан жогорку класстар китепканада күн сайын керектүү китептер менен тейленет.

Маалыматтык - китепкана кызматыОкуу жылынын ичинде китепканачы гимназиянын класстарындагы китеп секторлору менен китепти оңдоо, түзөө, формулярларды, картотекаларды жазуу боюнча иштерди  жүргүзүшөт.

Жыйынтык: №69 ОТКГнын китепканасынын жумушу гимназиянын негизги максатына, талабына жана КР «Жалпы орто билим берүү» мамлекеттик стандартына дал келет.

Сунуш: Келечекте электрондук китепкана түзүү, гимназиянын китепканасынын фондун окуу, көркөм жана методикалык адабияттар менен толуктоо жумушун улантуу. Периодикалык газета-журналдарга жазылуунун санын көбөйтүү, эскилиги жеткен адабий китептер менен иштөө,окуучулардын китепканага болгон кызыгуусун арттыруу боюнча иштерди алып баруу.

 

Гимназиясынын окуучуларынын 2018-2019-окуу жылындагы  жалпы китеп менен камсыз болушу

Семинарлар