Камкорчулук кеңеш

Кɵзɵмɵлчүлɵр кеңешин түзүү жөнүндө кулактандыруу

Закон Кыргызской Республики о попечительском совете

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ г.Бишкек, от 30 мая 2014 года № 81 О попечительском совете

 

21.12.2018-жылы Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен №4 мектеп-гимназиясынын базасында  “Билим берүү системасында бюджеттен тышкаркы түшкөн акча каражаттарды  жөнгө салуу механизмдери: булактары, өзгөчөлүктөрү, көйгөйлөр жана жетишкендиктер” атту тегерек  стол жыйыны болуп өттү. Жыйынга билим берүү мекемелердин жетекчилери, шаардык ата-энелер комитетинин мүчөлөрү, укук коргоочулар, шаардык кеңешинин депутаттары  жана Бишкек шаарынын мериясынын жооптуу кызматкерлери катышты. Жыйында каралган  маселе боюнча бир топ  маалыматтар айтылды, алардын ичинде Т.Сатылганов атындагы №69 ОТК-гимназиясынын директору Атаева Сайрагуль Токтосуновна  дагы  төмөндөгү маалыматтар менен баяндама жасады.

2018-жылдын отчету (pdf форматта)

2019-жылдын финансалык отчету (pdf форматта)

 

 

“Билим тиреги”   коомдук бирикмеси

  “Билим тиреги ” коомдук бирикмеси, руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын таламдарынын  негизинде жарандардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат. Бирикме 2014-жылдын 8-декабырында каттодон өтүп, 2015-жылдын феврал айынан баштап ишке кире баштады.

     Коомдук бирикменин  негизги максаттары жана милдеттери – кошумча финансалык булактарды тартуу, анын ичинде ар бир бирикменин мүчөсүсүнүн мүчөлүк акысы, өз ыктыяры менен берген акылары, башка юридикалык жана физикалык адамдардын өз ыктыяры менен берген финансалык булактары, гранттар, спонсордук жардам болуп эсептелет. Мунун баары №69 ОТК-гимназиясынын  ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү жүргүзүү үчүн жумшалууга багытталган.

“Билим тиреги” коомдук бирикменин Уставы жана Күбөлүгү

  “Билим тиреги” коомдук бирикмеге  2492 ата-эне өз ыктяры менен арыз жазып  бирикмеге мүчө  болуп киришкен. Камкордук кеңешенинин мүчөлөрүнүн чогулушунда мүчөлүк акыны  250 сом деп кабыл алышкан. 

           Уставдын негизинде коомдук бирикменин акча-каражаттары  ай сайын  мугалимдерге, класс жетекчилерге, психолог мугалимдерге, системдик админстраторлого, мед кызматкерине, китеп каначыларга   кошумча төлөм берүүгө жана социалдык төлөмдөргө  сарпталат. Андан тышкары күзөт кызматына, конц. товар алууга, чарба чыгымдарына, мектепти күндүмдүк ремонттук иштерине, компьютердик техникаларды тейлөөгө, транспорттук чыгымдарга сарпталат. Ушуну  менен бирге олимпиадаларда, фестиваль-конкурстарда  өздөрүн мыкты көрсөткөн  мугалимдерге сыйлык берилет.

2015-жылдын 11 ноябрында  “КИКБ” банкынан эсептөө-кассалык тейлөө үчүн счет ачылган счеттун номери  №1280016023400352  БИК 128001.  Коомдун мүчөлөрү, мүчөлүк төлөмдөрдү банктагы счетко төлөп турушат.  (pdf форматта)

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ Т. САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ №69  ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫНЫН 2018/2019-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ТҮЗҮЛГӨН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ УЮМДАРЫ ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ  КЫЗМАТТАРЫНЫН  ОКУУ ПЛАНЫНА ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

Камкорчулук кеңеш

 

 Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 2018/2019 окуу жылына түзүлгөн жалпы билим берүүчу уюмдары тарабынан көсөтүлүүчү кошумча билим берүү кызматтарынын окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 5-сентябрындагы№1124/1 буйругунуннегизинде түзүлдү. 

    Комплекс-гимназияда 2018/2019-окуу жылында англис, немец, кытай, япон тили, математика  предметтери класстын багыттарына жараша бекитилген баалардын прейскуранттарына ылыйык кошумча билим берүү кызматтары ата-энелердин жардамы менен көрсөтүлөт.

        Кошумча билим берүү кызматтары ата-эненин макулдугу менен гана жалпы билим берүүчү уюмдун жана керектөөчүнүн ыктыярдуу жана канаатандырарлык мамилелерин жөнгө салуучу келишимдик негизде көрсөтүлөт.

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин нормативдүү каржылоо принцибине которуу жөнүндө” токтомуна ылайык жана Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы №585/1 буйругу менен “Мектеп гимназия жөнүндө” убактылуу жобонун негизинде комплекс-гимназия гуманитардык багыттагы сабактарды кеңири жайылтып окутууга багытталган класстар үчүн кошумча акы төлөп окутуучу сабактар окутулат.

I деӊгээлдеги кошумча билим берүү боюнча 

1-4-класстарда математика,кыргыз тили,орус тили,чет тили,салттуу музыка предметтери боюнча кошумча акы төлөп билим берүү ата-энелердинсуроо талаптары, 

Камкорчулук кеңеш

окуучунун каалоосунун негизинде топтор түзүлөт. Мектепке чейинки даярдоо жумасына 15 сааттык жүктөм менен окутулат.

Комплекс-гимназияда 2018/2019-окуу жылында 5-11-класстарда англис, немец, кытай, япон тилин жана математика, химия, биология предметтеринен тышкары ата-энелердин суроо-талаптары жана окуучулардын кызыгуусуна карата орус тили предмети ата-энелердин арызынын жана келишимдеринин негизинен класстар, топтор түзүлүп окутулат.

  • Банк центральное казначейство (все коммерческие банки КР,»АКБ Кыргызстан,КИКБ Банк,РСК Банк,Айыл Банк,Эко Исламик Банк,Демир Банк,Аман Банк,Оптима Банк и др)
  • р/с 4402011243001804
  • БИК 440001
  • Код платежа 14232400
  • Назначение: плата за оказание дополнительно-образовательных услуг школьными учреждениями