Ийримдер жана секциялар

Чыгармачылык   ийримдер

 

Ийримдер жана секцияларБүгүнкү күндө балдардын жөндөмүн аныктап, талантын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн ийримдер улам жаңыдан ачылууда. Акыркы кезде ата-энелер да кызыгуу менен балдарын түрдүү ийримдерге жаздырып, келечегине өзгөчө көңүл бура баштаган тенденцияны байкоого болот. Балдарыбыз сабактан кийин бош убактарын текке кетирип, интернет менен чектелип калбашы үчүн биздин №69 Т. Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиябызда бир канча жылдан бери ар тараптуу, көптөгөн ийримдер түзүлүп, ийгиликтүү иштеп келет. Ийримдерге окуу жылынын башында таланттуу окуучулар шык-жөндөмүнө жараша тандалып алынат.

Максатыбыз-таланттуу окуучулардын чеберчилигин, ишмердүүлүгүн өстүрүү, жан дүйнөсүн байытуу жана туура жол көрсөтүп, багыт берүү болуп эсептелет. Ийримге келген балдар үчүн атайын кабинеттер даярдалып, жетекчилери тарабынан иш мерчемдери түзүлгөн. Ошого жараша ар кандай сабактар Ийримдер жана секцияларөтүлөт. Бизде интеллектуалдык аң-сезимди жогорулатуучу, көркөм өнөр, искусство, музыкалык аспаптарда ойноо, артисттик чеберчилик, ырдоо, бийлөө жана ошондой эле денени чыңдоочу спорттук ийримдер түзүлгөн. Ийримдер менен иш алып барууда мектеп “Устатшакирт” борбору менен кызматташат.

Окуучуларыбыз райондук, шаардык, республикалык, ал гана эмес эл аралык сынактарга, мелдештерге катышып, ийгиликтүү алдыңкы орундарды багынтышууда.

Кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүүгө бир гана мектеп окуучулары эмес, мугалим, ата-энелер да катышып жаткандыгы кубандырат.