Ала-Тоо аянтында, Нооруз майрамына арналган салтанатта гимназиябыздын “Умтул-Театр” ийриминин окуучулары жалпы майрамга келген меймандарга Ч. Айтматовдун чыгармаларынан коюлган композицияны аткарып куттукташты. Жетекчиси, Джарашев Элдияр. Азаматсыңар балдар, силер мектептин гана эмес бүткүл кыргыз элинин сыймыгысыңар! Ар дайым ушундай бийик мамлекеттик иш чараларда өзүңөрдүн өнөрүнду элге тартуулай бергиле.
23.03.2023
17
Гимназиябызда айлыктын алкагында ишембилик болуп өттү. Ишембиликке мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты.
18.03.2023
50
17-март, 2023-жылы, Кесипке багыт берүү сабагынын алкагында гимназиянын 9-классынын окуучулары #93 кесиптик лицейинде экскурсияга барып, окуу-жай менен таанышышты. Экскурсия убагында мастер класстарга катышып, өздөрү кызыккан кесип багытында тесттерден өтүшүп, жыйынтыктарына ээ болушту. Окуучуларга абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.
17.03.2023
30
11.03.2023. Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту тарабынан “Кытайча кыялдан, жаштыгың менен жаша” аттуу кытай тили боюнча сынак ийгиликтүү өттү. Бул “Сүйлөө речи” сынагында биздин окуучулар мыкты деңгээлде өздөрүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында, 1-орун 10-е классынын окуучусу Уметбекова Айжамал, жетекчиси Жолдошбекова Толгонай, 2-орун 10-в классынын окуучусу Нурланова Перизат, жетекчиси Тойгожоева Венера Кутановна, 3-орун 10-е классынын окуучусу Кыдышева […]
13.03.2023
48
2023- жылдын 11- мартында Т. Сатылганов атындагы №69 окуу- тарбия комплекс-гимназиясында 6- класстар арасында достукту, ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, ата-энелер менен болгон байланышты арттыруу максатында “Атам, апам жана мен” деген темада спорттук мелдеш болуп өттү. Спорттук мелдешке ар бир класстан бирден окуучу ата-энеси менен катышты. Калыстар тобуна ата- энелер комитетинин төрайымы Абдымамутова Жийдекан […]
12.03.2023
54
2023-жылдын 11-мартында Биринчи Май райондук “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы болуп өттү. Гимназиядан 3топ: “Айкөл ааламы” , “Тоотору” , “Көрөңгө” топтору катышты. “Айкөл ааламы” тобу 2-орунду, “Тоотору” тобу 3-орунду ээлеп, кийинки турга жолдомо алышты. Жетекчиси Жанышбекова Үпөл. Шаардык турда да ийгиликтерди каалайбыз! Азаматсыңар! “Айкөл ааламы” тобу Алыбаева Акмарал (8б) Шаршенбекова Азима (8б) Сартбаев Умар (8з) “Тоотору” тобу […]
11.03.2023
15
27-февраль, 2023-жылы жалпы билим берүү уюмдарынын жана Кыргыз улуттук аскер окуу жайынын курсанттарынын арасында “Жоокер ыры” 8-республикалык конкурсунун райондук туру болуп өттү. Конкурска биринчи май району боюнча жалпы 36 окуучу катышкан, 2 номинация боюнча биздин гимназиянын окуучулары ийгиликке жетишти. “Аскердик ырлар ” номинациясы боюнча 11-класстын окуучусу Русланбекова Аруузада (жетекчиси Азат уулу […]
28.02.2023
109
24.02.2023- жылы Т. Сатылганов атындагы №69 ОТКГ да 6-класстардын окуучуларынын PISA тестине даярдануу боюнча функционалдык сабаттуулук компетенцияларын баалоого карата тестирлөө жүргүзүлдү. Жалпы 299 окуучунун ичинен 295 окуучу жазды. Суроолор эки вариантта болуп жана алтынчы класс үчүн жөнөкөй түзүлгөн. Математикалык сабаттулук боюнча билим сапаты 83%, жетишүүсү 98%, окуу сабаттуулугу боюнча билим сапаты 75%, жетишүүсү 97% ти […]
24.02.2023
76
22-февраль, 2023-жылы “23-февраль – Ата мекенди коргоо күнүнө” карата 10-класстардын эр жигиттеринин арасында конкурс болуп өттү. Конкурс гимназиябыздын аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими И. Б. Абдылдаев жана класс жетекчилер тарабынан уюштурулду. Конкурста афган согушунун ардагерлери калыстык кылышты. Конкурстун жыйынтыгында 1- орунга 10б класс, 2- орунга 10 а класс, 3-орунга 10 е, 10 г класстары татыктуу болушту. Бул конкурска […]
22.02.2023
69
21- февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнүн” алкагында Т.Сатылганов атындагы 69- ОТКГ да 10- класстар арасында “Улут болсом тилим менен улутмун” деген темада Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров менен жолугушуу кечеси болду.Жолугушууда акындын ырларын 10-б,г,д класстын окуучулары көркөм айтып беришти.Акынга окуучулар өздөрү кызыккан көптөгөн суроолорду беришип жоопторун ала алышты.Жолугушуу жогорку деңгээлде болуп окуучулардын купулуна толду,ошону […]
18.02.2023
132
18- февраль, 2023-жылы 6- з классынын окуучулары кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарынбаева Мээримдин жетектөөсү менен Төлөгөнов Тумар менен Барктабасова Назира КТРК нын “Келечек” студиясына Кыргыз Республикасынын эл акыны Каныбек Жунушев менен жолугушууга барып келишти. Балдар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты жана маек абдан кызыктуу өттү. Сексен жаштан ашып калган аксакал агайдын ак батасын […]
18.02.2023
20
“Устатшакирт” салттык музыка борборунун “Умтул-Театр” долбоору боюнча #69окуу-тарбия комплекс-гимназиясында окууган таланттуу окуучулардан Ч. Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынан композиция Ийрим жетекчиси @eldiyardzharashev @agakhanmusic @otkg.69.official
18.02.2023
68