Окуу-тарбиялык иштер

https://69.edubish.kg/wp-admin/

Окуу-тарбиялык иштер

Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 2023/2024- окуу жылына түзүлгөн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-августундагы №4807/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планынын негизинде түзүлдү.

2023-2024-окуу жылына карата Базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын     “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-июлундагы №393 “Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык жана Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы №585/1 буйругу менен “Мектеп гимназия жөнүндө” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык иштелип чыккан документтердин негизинде, комплекс-гимназия гуманитардык багыттагы сабактарды кеңири жайылтып окутууга багытталган окуу планы боюнча жүргүзүлүп келет.

         Окуу-тарбиялык иштерТ.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы – окутуунун, окуучуларды ар тараптуу, маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун жаңычыл – автордук программасын ишке ашыруу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) өзүнө бириктирген көп тармактуу окуу жайы катары окутулат.

  Окуу планы 2021-2022 окуу жылы 

 Окуу планы 2022-2023 окуу жылы

Окуу планы 2023-2024-окуу жылы

 

Окуу-тарбия иштери боюнча 2023-2024 -окуу жылына карата жылдык планы

Окуу-тарбия иштери боюнча анализ

Окуу-тарбия иштери боюнча анализ

ОТКГнын анализ отчету 2022-2023-окуу жылы

Ички көзөмөлдүн жылдык планы

2018-2019 окуу жылы ички көзөмө

2019-2020 окуу жылы ички көзөмөл

2020-2021 окуу жылы ички көзөмөл

2021-2022 окуу жылы ички көзөмөл

2022-2023 окуу жылы ички көзөмөл

 

Сырткы баалоо (НООДУ, НЦТ, НОВА, ЦООМО)

 Улуттук тест борбору аркылуу алынган тесттин жыйынтыгы (2017-2022-ж.)

Окуу-тарбиялык иштер

Билим берүү жана илим министрлигинин 2009-жылдын  6-апрелиндеги  № 231/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин окуучуларын  ыктыярдуу негизде тест (сыноо жана негизги)  өткөрүү” жөнүндө  жобонун негизинде 9-10-11-класстарга бир окуу жылында 3 жолу окуучулардын каалоосу боюнча  өткөрүлөт. Анын ичинен 2 жолу сыноо түрүндө, үчүнчү жолу негизги тест жүргүзүлөт.

УТБ(НЦТ) 2017-2022 окуу жылдарынын жыйынтыгы

УТБ (НЦТ) 2022-2023- окуу жылы 

 

“Билим талдоо, баалоо жана мониторинг борбору”
тарабынан алынган тесттин жыйынтыгы

Окуу-тарбиялык иштер2018-жылдын 29-ноябрында Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Билим талдоо, баалоо жана мониторинг” борбору тарабынан 5-10-класстардын окуучуларынын билим сапатын жана жетишүү деңгээлин көз карандысыз баалоону жүргүзүү максатында математика, кыргыз тили, табият таануу, биология, тарых, физика, химия, география предметтери жана окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук боюнча тест алынды. Предметтер боюнча тест КРнын окуу стандартынын негизинде түзүлгөн. Тест тапшыруу менен окуучулардын сынчыл ой-жүгүртүү жөндөмдөрү жана окуучулардын ортосунда атаандаштык, окууга шыктандырууну пайда кылат. Ошондой эле окуучулардын жетишпеген темаларын аныктайт, ата-эне балдарынын жетишкендиги боюнча көз карандысыз жана калыс баалоо жыйынтыгына күбө болот. Предметтик мугалимдер алынган тесттин жыйынтыгы боюнча талдоо жана мониторинг жүргүзүшөт. Жетишпеген окуучулар менен жекече иш алып барышат. Ал эми 11-класстардын окуучулары үчүн “Нова” билим берүү мекемеси аркылуу жалпы республикалык тестке сынак өткөрүлдү.

 Билим талдоо, балоо жана мониторинг борборунун күбөлүктөрү (pdf форматта) 

 

Кыргыз Республикасындагы окуучулардын билим  алуу жетишкендиктерин улуттук деңгээлде баалоо (НООДУ)

2017-жылы апрель айында Кыргыз Республикасындагы окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук деңгээлде баалоо (НООДУ) тарабынан 4-класстардын окуучулардын ичинен 35 окуучунун математика, мекен таануу, эне тилде окуу жана түшүнүү боюнча тест алынган. Жыйынтыгында катышкан окуучулардын ичинен математика предмети боюнча 17 орунда, эне тилде окуу жана түшүнүү 37 орунда, мекен таануу 47 орунда экендигин көрсөттү. Көрсөтүлгөн жыйынтыктар боюнча математика жакшы көрсөткүчтү берди. Мекен таануу, эне тилде окуу жана түшүнүү предметтеринен окуучулардын даярдыгын күчөтүү предметтик мугалимдерге сунушталды.

ЖМА

АЛТЫН ТАМГА

Окуу-тарбиялык иштер

Алтын тамга

 

 

 

ЖРТ

Жалпы республикалык тесттин 5 жылдык орточо көрсөткүчү боюнча маалымат

Акыркы 5 жыл ичиндеги маалымат 2017-2018 -окуу жылы 2018-2019-окуу жылы 2019-2020-окуу жылы 2020-2021-окуу жылы 2021-2022-окуу жылы 2022-2023 окуу жылы
ЖРТга катышкан окуучулардын саны жана  үлүшү

 68/100

69/100

 90/100

 106/98

 98/100

151/100

Алтын сертификаттын саны

1

1

Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдан алган баллдын орточо көрсөткүчү

 153

154

 154

148

 147

140

110 баллдан жогору алган ЖРТ катышкандардын үлүшү

 96%

97%

 92%

 82%

 87%

85%

https://69.edubish.kg/wp-admin/

https://69.edubish.kg/wp-admin/

https://69.edubish.kg/wp-admin/

2017-2018-окуу жылы

 Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны -68.

Эң жогорку балл алган алтын сертификатка Исаев Бексултан 11-А класс -225 балл менен ээ болду.

Жогорку баллды алган бүтүрүүчүлөр: Болотбекова Алтынай -216 балл, Садабеков Эльдияр -208 балл, Таабалдиева Айдай,Мамытбеков Дамир-203 балл, Орозбеков Баккелди 201 балл, Мелисова Айзат,Касымова Толгайым-200 балл, Кубатбеков Канат-197 балл, Худойбердиев Ясин-195 балл,Акимали уулу Сабыр -192 балл,Бактыбеков Адилет-190 балл,Асантурова Элиза-190 балл,Асанбекова Бегимай-185 балл,Темирбеков Сыймык-183 балл.

216-225  балл-2,200-208- балл-6, 190-199  балл – 5, 180-189 балл – 2, 170-179 балл – 4, 160-169 балл – 8, 150-159 балл  – 8, 140-149 балл  – 10, 130-139 балл  –  6, 120-129 балл – 8, 110-119 балл – 6, 100-109 балл – 1, 90-99 балл – 1, 80-89-балл – 1.

11-класстын ЖРТнын орточо көрсөткүчү 153 баллды түздү. Предметтик тесттер боюнча: математика- 17 окуучунун орточо көрсөткүчү-75 балл, физика -17 окуучунун орточо көрсөткүчү-64 балл,  химия- 13 окуучунун орточо көрсөткүчү-59 балл. Биология  15 окуучунун орточо көрсөткүчү-69 балл, англис тили 5 окуучунун орточо көрсөткүчү-86 балл, тарых -26 окуучунун орточо көрсөткүчү-66 баллды түздү. Предметтик тесттен химия предмети боюнча гана өтүү баллына орточо көрсөткүчү жеткен эмес.

2018-2019-окуу жылы

 Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны -69.

Эң жогорку балл алган алтын сертификатка Октонов Орозкул Табылдыевич 11-А класс -224 балл менен ээ болду.

Жогорку баллды алган бүтүрүүчүлөр: Токтосунова Наргиза 11-А класс -215 балл, Эркинбекова Рахат 11-А класс -215 балл, Сагынов Эрмек 11-А класс-201 балл, Кубанычбекова Айганыш 11-А класс -196  балл, Абдыкадыров Динмухаммед 11-А класс, Имеров Жангарач 11-Б класс, Кадырбекова Айпери 11-В класс-191

201-224  балл-4,191-196- балл-4, 182-187  балл – 4, 170-179 балл – 9, 160-169 балл – 5, 150-159 балл – 11, 140-149 балл  – 12, 130-139 балл  – 7, 120-129 балл  –  9, 119 балл – 1, 103 балл – 1, 82-87- балл – 2

11-класстын ЖРТнын орточо көрсөткүчү 154 баллды түздү. Предметтик тесттер боюнча: математика- 14 окуучунун орточо көрсөткүчү-80 балл, физика -10 окуучунун орточо көрсөткүчү-56 балл,  химия- 10 окуучунун орточо көрсөткүчү-70 балл. Биология  9 окуучунун орточо көрсөткүчү-64 балл, англис тили 11 окуучунун орточо көрсөткүчү-84 балл, тарых -31окуучунун орточо көрсөткүчү-77 баллды түздү. Предметтик тесттен физика предмети боюнча гана өтүү баллына орточо көрсөткүчү жеткен эмес.

2019-2020-окуу жылы

 Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны – 90.

Эң жогорку балл алган  Мураталиев Урмат-216, Исламбекова Азиза-212, Осмонов Нурсултан, Туратбекова Аймээрим-207,  Нурманбетов Нурдөөлөт, Шамбетова Эркеайым-203, Касымова Сезим-201,Матираимова Нурайым-200  балл алышты.

201-224  балл-8,190-199- балл-6, 180-189  балл – 7, 170-179 балл – 10, 160-169 балл – 11, 150-159 балл – 9, 140-149 балл  – 9, 130-139 балл  – 5, 120-129 балл  –  11, 110-119-балл – 6, 100-109 балл – 2, 90-99- балл – 1, 80-89-балл-3,40 балл-1

11-класстын ЖРТнын орточо көрсөткүчү 154 баллды түздү. Предметтик тесттер боюнча: математика- 32 окуучунун орточо көрсөткүчү-80 балл, физика -16 окуучунун орточо көрсөткүчү-58 балл,  химия- 13 окуучунун орточо көрсөткүчү-59 балл. Биология  17 окуучунун орточо көрсөткүчү-67 балл, англис тили 19 окуучунун орточо көрсөткүчү-81 балл, тарых -32окуучунун орточо көрсөткүчү-81 балл, кыргыз тили жана адабияты-90 баллды, орус тили жана адабияты- 68 балл түздү. Предметтик тесттен физика предмети боюнча гана өтүү баллына орточо көрсөткүчү жеткен эмес.

2020-2021-окуу жылы

11-класстын окуучулардын саны-106, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны – 104.

Эң жогорку балл алган  Шабданов Бахтияр-216, Жолдошбеков Аман-204, Токторбай уулу Улансын-202, Олмасбаев Мырза-201.

201-216  балл-4,190-199- балл-3, 180-189  балл – 4, 170-179 балл – 17, 160-169 балл – 9, 150-159 балл – 15, 140-149 балл  – 9, 130-139 балл  – 15, 120-129 балл  –  11, 110-119-балл – 8, 100-109 балл – 5, 90-99- балл – 13, 80-89-балл-1

11-класстын ЖРТнын орточо көрсөткүчү 148 баллды түздү. Предметтик тесттер боюнча: математика- 31 окуучунун орточо көрсөткүчү-78 балл, физика -16 окуучунун орточо көрсөткүчү-65 балл,  химия- 17 окуучунун орточо көрсөткүчү-82 балл. Биология  18 окуучунун орточо көрсөткүчү-77 балл, англис тили 24 окуучунун орточо көрсөткүчү-93 балл, тарых -28окуучунун орточо көрсөткүчү-78 балл, кыргыз тили жана адабияты-2 окуучудан 74 баллды, орус тили жана адабияты- 2 окуучудан  96 балл түздү.

2021-2022-окуу жылы

11-класстын окуучулардын саны-98, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны – 98.

Эң жогорку балл алган Азаматова Селкинай-211, Чолпон кызы Нурзат – 209, Жумабекова Жаркынай, Кабылбеков Нурсултан -208, Саттарова Акмаанай-206, Саадатбеков Эмир-204, Бейшенбекова Малика-201.

201-211  балл – 7, 190-199- балл -1, 180-189  балл – 5, 170-179 балл – 11, 160-169 балл – 14, 150-159 балл – 9, 140-149 балл  – 9, 130-139 балл  – 11, 120-129 балл  –  7, 110-119-балл – 11, 100-109 балл – 10, 90-99- балл – 2, 70-79-балл-1

11-класстын ЖРТнын орточо көрсөткүчү 147 баллды түздү. Предметтик тесттер боюнча: математика- 31 окуучунун орточо көрсөткүчү-70 балл, физика -11 окуучунун орточо көрсөткүчү-62 балл,  химия- 17 окуучунун орточо көрсөткүчү-62 балл. Биология -18 окуучунун орточо көрсөткүчү-76 балл, англис тили- 24 окуучунун орточо көрсөткүчү- 85 балл, тарых – 43 окуучунун орточо көрсөткүчү-78 балл, кыргыз тили жана адабияты-6 окуучудан 84 баллды, орус тили жана адабияты- 6 окуучудан  77 балл түздү.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жакшыртуу үчүн окуучуларды 10-11-класстан мектептен тышкары  даярдоого предметтик мугалимдер менен класс жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү.  Атайын курстарды уюштуруу жана жыйынтыгын чыгаруу. Кыргыз тили, математика боюнча жана предметтик тестирлөөнүн даярдыгын жакшыртуу үчүн предметтердин деңгээлин көтөрүү жана предметтик мугалимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу ата-энелер менен сүйлөшүлүп кошумча окутууну жүргүзүү,  ал окутуунун  сапатын жакшыртуу негизги милдетибиз болуп саналат. Быйылкы окуу жылында  11-класстын окуучулары атайын ЖРТке даярдоо курстарына “Нова”, “Секом”го барышып даярдык көрүштү. Ошондой эле математикалык класстын ЖРТтин жыйынтыгы жакшы көрсөтө алды.11-АВ класска Абдесов Н. кыргыз тили жана адабиятынан  ЖРТ даярдоо  жүргүздү.

2022-2023-окуу жылы

11-класстын окуучулардын саны-151, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны – 151

Эң жогорку балл алган Эркинбекова Альбина-203, Матаев Жакшылык-200, Сооронбеков Тынчтык-198, Жыргалбаев Адил-191, Сапарбеков Нурбол-191, Темирбаева Бермет-189, Кабылбеков Нурсултан-187, Темирбекова Ханзада-185, Камчибекова Аяна-184,Толкунбек кызы Аида-183, Асекова Айпери-182,Кеңешов Адилет-180, Аширалиев Нурсултан-180 балл алышты.

200-203  балл – 2, 190-199- балл -3, 180-189  балл – 8, 170-179 балл – 8, 160-169 балл – 14, 150-159 балл – 14, 140-149 балл  – 27, 130-139 балл  – 20, 120-129 балл  –  18, 110-119-балл – 18, 100-109 балл – 9, 90-99- балл – 7, 80-89-балл-1,60-69-1

11-класстын ЖРТнын орточо көрсөткүчү 140 баллды түздү. Предметтик тесттер боюнча: математика-37  окуучунун орточо көрсөткүчү-70 балл, физика -13 окуучунун орточо көрсөткүчү-67 балл,  химия-24  окуучунун орточо көрсөткүчү-65 балл. Биология – 24 окуучунун орточо көрсөткүчү-67 балл, англис тили-52  окуучунун орточо көрсөткүчү- 90- балл, тарых – 43 окуучунун орточо көрсөткүчү-68 балл, кыргыз тили жана адабияты- 12 окуучудан-86  баллды, орус тили жана адабияты-7  окуучудан -66  балл түздү.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жакшыртуу үчүн окуучуларды 10-11-класстан мектептен тышкары

даярдоого предметтик мугалимдер менен класс жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү.  Атайын курстарды уюштуруу жана жыйынтыгын чыгаруу. Кыргыз тили, математика боюнча жана предметтик тестирлөөнүн даярдыгын жакшыртуу үчүн предметтердин деңгээлин көтөрүү жана предметтик мугалимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу ата-энелер менен сүйлөшүлүп кошумча окутууну жүргүзүү,  ал окутуунун  сапатын жакшыртуу негизги милдетибиз болуп саналат. Быйылкы окуу жылында  11-класстын окуучулары атайын ЖРТке даярдоо курстарына “Нова”, “Секом”го барышып даярдык көрүштү. Ошондой эле математикалык класстын ЖРТтин жыйынтыгы жакшы көрсөтө алды.11-АГЕ класска Абдесов Н. кыргыз тили жана адабиятынан  ЖРТ даярдоо  жүргүздү.

Бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалымат

бүтүрүүлөр жөнүндө маалымат