Азиреткулов Хабибилла Мустапакулович Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти

Азиреткулов Хабибилла Мустапакулович

Азиреткулов Хабибилла Мустапакулович, Лейлек районунун Көк-Таш айылында 1959-жылдын 12-июлунда туулган.
1976-жылы туулуп-өскөн айылымдагы ”Кызыл-Жылдыз” орто мектебин бүтүрүп, ошол эле мектепке пионервожатый болуп алгачкы эмгек жолун баштаган.
1977–1981-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) музыка факультетинен билим алган.
1981-жылдан 1991-жылга чейин айылдагы өзү окуган мектепте музыка мугалими, 1991-2011-жылга чейин Лейлек районунун маданият үйүнүн директору, ошол эле учурда “Гагарин” орто мектебинде да музыка мугалими болуп иштеген. 2011- жылдан 2012- жылга чейин Бишкек шаарындагы  №48- мектеп-гимназиясында мугалим, ал эми 2012-жылдан 2014-жылдары “Asian Roads” туристтик компаниясында коммерциялык директор болуп иштеген. 2017- жылдан 2018- жылга чейин борброубуздагы №8- мектепте музыка мугалими болуп иштеген. Учурда болсо №69- окуу-тарбия комплекс-гимназиясындамузыка мугалими болуп эмгектенет.

2021- жылы Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамга ээ болгон.