Көчөрбаев Самат Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти

Көчөрбаев  Самат Батыркулович  1983-жылы 22-ноябрда Талас облусунун Манас районуна караштуу, Арал айылында катардагы жумушчунун уй бүлөсүндө туулган.1990-жылы айылдагы Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектептин босогосун аттап,  мектеп курагынан тартып ар кандай ийримдерге жигердүү катышып, 6-класстан тартып  КРнын эмгек сиңирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиевдин колунан тарбия алат. Алгач Манастан үзүндүлөрдү жаттап райондук, облустук  деңгээлдеги  конкурстарда айта баштайт.Саякбай Каралаевдин  айтуусунда Каныкейдин Тайторуну чапканы деген окуясын айтканын эң алгач  уккан күндөн тартып, ал кишинин  айтуучулук чеберчилигине  өзгөчө таасирленип манасчылык өнөргө болгон кызыгуусу  артат.Манасчылык өнөрдүн түйшүгүн тартып жүргөн күндөрдүн биринде Саякбай Каралаевди,  кийин Эстебес Турсуналиевди түшүндө көрүп,  бул жөрөлгөнү  ички туюмунда улуу өнөрдүн ачылган  каалгасы жана  чыгармачылыктын бийик сересине барчу жолдомо деп кабылдайт.  Ошондон тарта  кудай ыроологон талант,    талыкпаган эмгек, түмөндөгөн түйшүктүн арты менен өнөрдүн чоң жолуна түшүп, Облустук,  Республикалык кароо сынактарда алдыңкы орундарды багындырып,  үлгүлүү журум-туруму менен айырмаланып мектепти ийгиликтүү аяктайт. Андан соң  Бүбүсара Бейшеналиева атындагы  Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Салттык музыка жана фольклор  бөлүмүндөгү  КРнын Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин Дастанчылык классына  тапшырат.Манасчылык өнөр менен бирге колуна комуз кармап дастандарды дагы үйрөнүп, окуудан сырткары учурунда  Манас-Мурас коомдук фондунан  залкар устаттар КРнын эл артисти Уркаш Мамбеталиев, КРнын эмгек сиңирген артисти  Назаркул Сейдракманов, белгилүү манасчы Рысбай Исаков, Талантаалы  Бакчиев баштаган  чоң манасчылардын мектебинен өнөрүн өстүрөт. 2006-жылы жогорку окуу жайды бүткөн соң Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы “Эл Шайырлары” тобуна солист (манасчы, дастанчы)  катары кабыл алынат. Ошол эле жылы өзү аяктаган окуу жайга да мугалим болуп эмгек жолун баштайт. 2007-жылы  “Теңир Тоо” фольклордук ансамблине манасчы катары кабыл алынып Кыргызстанга  жана чет өлкөлөргө гастролго чыгып  улуу өнөрдү даңазалайт. 2009-жылдан тартып  “Устатшакирт”  салттык музыка борборунда окуу бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылдан тартып аталган борбордун көркөм жетекчиси катары эмгектенет. 2013-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясына аспирантурага тапшырып,  элдик өнөрпоздор үчүн маданий музыкалык багыттагы  атайын орто жана жогорку окуу окуу жайлардын студенттери үчүн методикалык колдонмо катары залкар өнөрпоздордун чыгармаларынан турган  “УЛУУ МУРАС” аттуу китепти түзгөн. 2014-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнун  “Салттык музыка жана фольклор” бөлүмүнө кафедра башчы болуп дайындалган.
2010 – жылы Маданият жана маалымат министрлигинин «Ардак» грамотасы
2011 – жылы «Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси
2013-жыл Мамлекеттик “Кыргыз тил” төш белгисинин ээси
2016 – жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин  ардак грамотасы сыяктуу ардактуу сыйлыктарга татыган.
2010 – 2018- жылдар аралыгында​ атайын чакыруу менен  Швейцария, Эстония, Франция,Тайвань, Германия, Түштүк Корея, Сауд Аравия, Орусия, Араб Эмираты,​ Туркия,  Казакстан, Кытай,​ Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан  ж.б. мамлекеттерде «ТеңирТоо»,. “Камбаркан” “Устатшакирт”​ фольклордук топтору менен бирдикте​ жана жекече  барып,  манасчылык өнөрдүн чет элге​ жайылышына  жан үрөп кызмат кылып келе жатат.Тактап айтсак  Кыргызстандын  атынан чет  өлкөлөрдө өткөн   фестиваль, маданий форум, конференция,  маданият күндөрү, атайын  концерттер сыяктуу  иш- чараларга  жигердүү катышкан.