Абдесов Нургалый Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими

Аты жөнү : Абдесов Нургалый

Туулган жылы : 10.12.1939 , Кыргыз Республикасынын , Нарын обласы , Жумгал району , Кызарт айылы

Билими:

Жогорку , 1957-1962 –жыл Кыргыз Улуттук университети , филология факультети

Адистиги : Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Эмгек жолу :

  • 1962-1963 –ж.ж. Ош областы, Кадамжай району №2 Хайдаркен орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими;
  • 1963-1982-ж.ж. Жалал-Абад шаары , Жалал –Абад педагогиялык окуу жыйынын окутуучусу жана директордун орун басары ;
  • 1982-1987-ж.ж. Бишкек шаары , Маданият министирлигине караштуу КР НТ жана КПРда методист, бөлүм башчы ;
  • 1987-жылдан тартып Бишкек шаары , №66 Ден соолуктун жана өнүгүүнүн окуу тарбия комплекс мектебинин мугалими

Эмгек стажы : Жалпы стаж 53 жыл, педагогикалык стаж 47 жыл

Эмгектери :

  • Профессор К.Иманалиев , Н . Абдесов Кыргыз адабиятынын программасы (педагогикалык окуу жайлары үчүн ), Фрунзе , 1975;
  • Кыргыз тилинин программасы (5-11-класстар үчүн ) авторлоштукта, Бишкек 2004-ж
  • Кыргыз адабиятынын программалык – календардык планы (мугалимдер үчүн) Бишкек, 2006;2011-ж.ж
  • “Дил баян –окуучулардын жазма чыгармачылыгы” (жогорку класс окуучулары жана мугалимдери үчүн ) Бишкек , 2007.Дагы кошумчаланып кайталанып 2013-жылы басылып чыкты .
  • Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (сонку редакция ) авторлоштукта, Бишкек, 2008;
  • Кыргыз тилинин орфографиялык ссөздүгү (авторлоштукта ) Бишкек,2011,2012-ж ;
  • “Тажрыйба табылга” (Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо) Бишкек,2011,2012-ж;
  • “Туура жазуунун тууралап окуталы ” (мугалимдер үчүн усулдук колдонмо ) 2011,2012-ж
  • Тыныш белгилердин таблицалар топтому 2019-ж;
  • Орфографиялык эрежелеринин таблица топтому 2012-ж.;
  • “Усулдук жаратмандыктар ” (мугалимдер үчүн усулдук колдонмо ) 2014-ж;
  • 30га жакын илимий жана ар түрдүү темадагы газета –журналдарга жарыяланган макалалар .

 

Сыйлыктары :

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин грамотасы , 1975-ж;
  • Эл агартуу отличниги , 1976-ж;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими , 1995-ж;
  • Даңк медалы ,2001-ж;
  • “Кыргыз тили ” (төш белгиси ), 2007-ж;
  • “Манас” орени III-даражадагы 2017-ж;

Коомдук иштери :

  • Кыргыз Республикасынын Презентинин караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү ;
  • С. Байгазиев , Б . Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын жарандарын . жаш муундарын рухий –адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясынын” – Өкмөттүк эксперттик комиссиясынын мучөсү