СОШ №69 им. Т. Сатылганова Средняя общеобразовательная школа №69 им. Т. Сатылганова

Программалык аккредитациалоо

Бишкек шаарындагы   Т. Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия   комплекс- гимназиясы 1986 –жылы 17- июндагы  Биринчи май райондук администрациянын № 216 буйругунун  негизинде курулган.

1989- жылы Т.Сатылганов атындагы № 69 жалпы билим берүүчү орто мектеп. 1999- жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен Т.Сатылганов атындагы № 69 мектеп – гимназиясы деп аталып , билим берүүчү ишмердигин  жүргүзүүгө укук берген АШ №115 лицензиясы берилген. Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлигинин  2001- жылы №81 буйругунун  негизинде  Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекс- гимназиясы статусун алган. 2001 –жылы 16- апрелдеги 122 токтомунун негизинде № 69 мектеп – гимназия менен №36 жалпы билим берүүчү орто мектеп биригип , Т. Сатылганов атындагы № 69 окуу –тарбия комплекс – гимназиясы болуп уюшулган.

Мектептин реквизиттери: ОКПО код 20900160, каттоо 12469-3301-У-е,  ИНН00504200010336   катталган күнү 03.08.2010 ж. сериясы УР №0090955

Юридикалык дареги: индекс 720005, 720044 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фатьянов көчөсү 10, Айни 13

Телефондор :  59 09 43, 59 09 86, 54 19 07, 54 19 28

Мектептин электрондук дареги: [email protected]

Мектеп типтүү проект менен курулган 3 кабаттуу Жалпы аянты   27080 м2.

82 окуу кабинети, спорт зал, акт залы , машыгуу залы ,  бий залы , бассейн , оранжерея, 1 устакана , 120  орундуу ашкана , китепкана (окуу залы жана китеп сактоочу жайы менен )   көркөм адабияттардын фондусунда 30048 даана китептер  жана 21349 даана окуу китептери, немец , кытай тилинин  ресурстук борбору ,  усулдук кабинет, жаштар уюмунун кабинетти, медициналык пункт бар.

Мектептин жалпы проекти боюнча сыйымдуулугу – 1266

Башталгыч класстар боюнча имарат  Айни 13 дареги боюнча жайгашкан. Мектеп 1956- жылы курулган.  Мектеп типтүү проект менен курулган 2 кабаттуу имарат . Жалпы  9330 м2.  Фрунзе шаардык эл депутаттарынын кеңешинин чечими менен № 36 орто мектеп болуп уюшулган.

Башталгыч класстар үчүн  18 кабинет, спорт зал, 120  орундуу ашкана , китепкана (окуу залы жана китеп сактоочу жайы менен )   көркөм адабияттар, медициналык пункт   бар.

Мектептин жалпы проекти боюнча сыйымдуулугу – 400

Уюштуруу-укуктук формасы: Муниципалдык

Мектептин Уставы

Мектеп башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүгө укуктуу, окутуу формасы — күндүзгү, окутуу тили — кыргыз тилинде.

Комплекс –  гимназиянын миссиясы: 

Коомдун  өнүгүшүнө салымын кошкон, окуучунун таанып-билүү активдүүлүгү, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү   жогору ,чет тилдерин  эл аралык деңгээлде өздөштүрө алган,  маалымат –технологияларын менен даярдыгы бар билимдүү , маданияттуу, өзүн-өзү өнүктүрө алган  жаңы типтеги инсанды тарбиялоодогу  негизги максаты катары:

•ар бир окуучу сапаттуу, максималдуу деңгээлде негизги жана жалпы (толук) билим алууга;

•толук тарбия берүү ишмердүүлүгү, социалдык сезимдин жоопкерчиликтүүлүгү; нравалык багыттын  калыптандыруу;

•үзгүлтүксүз билим берүүдөгү окуучулардын универсалдуу билим системасынын компетенциясын калыптандыруу, базалык жана  жана профилдик багытындагы сапаттуу билим алууга жетишүү аркылуу иш жүргүзөт.

  • Гимназиянын ишмердүүлүгүндөгү концепция ар түрдүү топтогу гимназиянын окуучуларынын таанып-билүүчүлүк кызыкчылыктарын гана канааттандырбастан, алардын жекече нравалык алдыңкы орунга жетишүүгө болгон сапаттарын да калыптандырат.
  • Билим берүү ишмердүүлүгүндөгү концепция алдыңкы жетишкендиктерди алып жүрүүчү багыттар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
  • толеранттуулук өспүрүм балдардагы акыл-эске багытталган атуулдук жана патриоттуулук сезимдерин калыптандыруу;
  • үзгүлтүксүз каныккан билим берүүнү,билим алуунун мотивациясында профориентациясын жогорулатууну камсыздоо;
  • окуучулардын жогорку  интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн мазмунун тереңдетүү:
  • окуучулардын физио-психологиялык ден соолугун сактоо.

Максаты:  

  • Окуу –тарбиялоо чөйрөсүн түзүү, өнүгүүсүнө салым кошуу:
  • окуучунун таанып-билүү активдүүлүгүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, демилгелүүлүгүн өнүктүрүү;
  • мектеп окуучуларынын жарандык көз карашы, ички жан дүйнөсү, маданияты, өз алдынчалуулугу, толеранттуулугу, коомдо өз ордун табуу;
  • жөндөмдүүлүгүн  калыптандыруу;
  • чет тилдерин  эл аралык деңгээлде өздөштүрө алган, маалымат –технологиялары менен  даярдыгы бар билимдүү , маданияттуу, өзүн-өзү өнүктүрө алган инсанды тарбиялоо;
  • окуучунун  кесипти тандоосуна туура багыт берүү:
  • сергек жашоону жайылтуу;
  • психологиялык жагымдуу маанай түзүү.

Милдеттери:

  • окуучунун сапаттуу билим менен камсыз болуу укугyн коргоо;
  • инновациялык ( жаңылануу) методдорго өтүү , окутуу технологиясы , маалымат коммуникативдик технологияларын кеңейтүү, практикалык жөндөмдүүлүк көндүмдөрү  жана  маалымат анализинин калыптануусунда өзүн-өзү өнүктүрүүсүндө  түрткү берүү;
  • универсалдык билим алуусу боюнча окуучуларга  оптималдык  мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жеке чыгармачылык талаптарды ишке ашыруу  максатында окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмдүүлүк   көндүмдөрүн сабакта жана сабактан тышкаркы ишмердүүлүгүн калыптандыруу;
  • социалдык тенденцияларды , балдарды тарбиялоодо өзүнүн мектебин , шаарын,  ата мекенин  сыйлоосун                  ( сүйүүсүн ) эске алуу менен билим берүү практикасын түзүү;
  • билим берүү процессин уюштурууну өнүктүрүү максатында  окуучуларды мектепте окуп калуусун сактап калуу жана   ден соолугун бекемдөө ;
  • иштин системалуулугу боюнча социалдык –психологиялык – педагогиканы  бирге алып баруусун камсыз кылуу;
  • окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун,  балдардын  коомдук  уюмдарга катышуусунун өсүп -өнүгүшү;
  • профилдик багытта  окутуудагы  өздөрүнүн тандоосу боюнча келечектеги кесипке тандоосуна жетишүүсүн уюштуруу жана даярдоо;
  • профилдик багытта  окутуудагы  өздөрүнүн тандоосу боюнча келечектеги кесипке ээ болуусун  ишке ашыруу.

КРнын 2017-жылдын 16-июнунундагы «Негизги жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана негизги жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндөгү 28.12.2017-жылдагы №844 токтомунун негизинде, Окуу-тарбия комплекс-гимназиянын директорунун 01.11.2022-жылынын №98 буйругунун негизинде түзүлгөн өзүн-өзү баалоо комиссиясы иш жүргүзүп, жыйынтыгын чыгарды.

 

 

 

 

 

 

1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

 

1.1 Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына, керектөөлөрүнө ылайык келүүсү. Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 2022/2023-окуу жылына түзүлгөн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 05-августундагы №1529/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планынын негизинде түзүлдү.

2022-2023-окуу жылына карата Базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын     “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы  билим берүүнүн  стандартына,  Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы №585/1 буйругу менен “Мектеп гимназия жөнүндө” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык иштелип чыккан документтердин негизинде, комплекс-гимназия гуманитардык багыттагы сабактарды кеңири жайылтып окутууга багытталган окуу планы боюнча жүргүзүлүп келет.

Гуманитардык I (биринчи) багыт — (англис тили) гуманитардык  II (экинчи) багыт  немец тилин тереңдетип окутуучу класстары (топторунун)  боюнча 2-категориядагы тилдик дипломуна экзамен тапшыруу менен ал эми гуманитардык III (үчүнчү) багыт — кытай тилин тереңдетип окутуучу класстар үчүн  гимназиялык компоненттин эсебинен окутуу жүргүзүлөт. Окуу-тарбия комплекс-гимназия көп профилдүү предметтерди камтыгандыктан, математика предмети да гимназиялык компоненттин эсебинен  окутулат.

Немец тилин тереңдетип окутуу Германиянын “Чет өлкөдөгү мектептердеги билим берүү боюнча Борбордук Азиядагы мекемеси” (ZFA)  менен байланышып,  2002/2003-окуу жылында 4,6-класстарга  (2-категориядагы тил дипломуна экзамен тапшыруу) менен киргизилген. Азыркы учурда немец тилин тереңдетип окутуу 5-11-класстарда жүргүзүлөт. Ал эми чыгыш тилдеринен  кытай тили 2004-жылдан бери окутулат. Кытай тилин тереңдетип окутуу Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университеттин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп жана Пекин шаарындагы Ханбан борборунун колдоосунун негизинде 2009/2010-окуу жылында Конфуций класстары ачылган.

Комплекс-гимназияда 2022/2023-окуу жылында 5-11-класстарда англис, немец, кытай, корей тили тереңдетип окутулат. Гуманитардык I (биринчи) багыт —  окуган 5-6-7-8-класстарга  мектептик компоненттеги жана тандоо үчүн предметтер сааттарды корей тилин окутуу үчүн, ал эми 9-10-11-класстарда англис тилине  бөлүнүп берилди. Математикалык багытындагы 5-11-класстарда тандоо предмети жана мектептик компоненттеги сааттардын негизинде окутулат.

“STEM “ билим берүүнү өнүктүрүү негизинде жана “Келечек мектеби- Акылдуу мектеп” долбоорун иш ашыруу максатында мектеп компонетинен  10-класска физика предметине 1 саат жана 11-класска  химия предметине 1 саат бөлүнүп берилди.

Акы төлөнүп окутулуучу кошумча сабактар ата-энелер аркылуу каржыланат. Профилдик сабактарды өнүктүрүү максатында уюшулган.

 

 

1.2 Окуу методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.  

 

1.3 Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу.
1.4 Билим берүү программасынын жана окуу методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу.   
Күчтүү  жактары: Базистик окуу план боюнча бардык предметтердин окутулушу квалификациялык талапка жооп берет. Стандарттык билим берүүнүн методикалык колдонмолору менен иш алып барылат. 3. Окуу программалары аткарылат, багыттуу окутуунун натыйжалуулугу бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн чет тилдерди тереңдетип окуп,  эл аралык деңгээлдеги «Тил дипломдоруна» ээ болушуп, чет өлкөнүн жогорку окуу жайларынан билим алышууда. Немец тили В2,С1 деңгээли менен Европага ал эми кытай тили НSK-4-5 деңгээли менен Кытай өлкөсүндө окуп жатышат. Мындан тышкары STEM сабактары үчүн химия, биология, физика кабинеттери «Келечек» мектеби долбоору аркылуу жабдылган, ушул предметтерди окутууда жакшы жолго коюлган. Электрондук ресурстар, электрондук «Күндөлүк» окуу китептери тиркелген. STEM сабактарын өздөштүрүүдө атайын виртуалдык лабораториялар менен да жабдылган. Окуучулардын окуп жетишүүсүнө жана спорт менен машыгып ден соолукту чыңдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

 

 

 

 

Алсыз  жактары: Окуу китептеринин жетишсиздиги, окуучулардын санынын көптүгү, кабинеттердин жетишсиздиги

 

Сунуштар: Окуу-тарбия комплекс-гимназиясы окуу китептери менен толук камсыз болуусу, кошумча имараттын курулушу талап кылынат.

 

 

 

 2.      КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

 

2.1 Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу.
2.2 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окутуу тарбиялоо процесинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.3 Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу 2019-2020-окуу жылынан  2020-2021- окуу жылына чейин мектеп “bal.kg” электрондук системасы менен иш жүргүздү, ал эми  2021-2022- окуу жылынан баштап кызыкдар тараптар менен мектеп “Күндөлүк” электрондук системасы менен иш жүргүзүп, окуучулардын өнүгүүсүнүн жана билим алуусунун толук кандуулугуна байкоо жүргүзүудө.

Окутуу методдорун баалоо жана корректировкалоо максатында мектеп администрациясы үзгүлтүксүз сабактарга катышып, ар бир сабакка тиешелүү анализдер берилип турат. Мугалимдер арасында өз ара  сабактарга катышуу жолго коюлган.   Жыйынтыгында мугалимдердин 80% кайтарым байланыш боюнча иш алып барат.

Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы окуу бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп, конкреттүү сунуштар колдонулат.

Окуучулардан кайтарым байланыш алуу максатында текшерүү иштери, жазуу иштеринин нормативдерине ылайык жат жазуу жана тесттер алынып турат. Кайтарым байланыштын негизинде окуучунун учурдагы деңгээли менен коюлган максатка жетишүүнүн айырмачылыгын толуктоого, жеке ишенимдүүлүгүн жогорулатууга болот.

2,4 Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык –айкын системасынын болушу. 
2.5 Окуучуларга баалоонун колдонуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле  аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу.  Мектеп  билим берүү системасы мамлекеттик жалпы мектептик билим берүү стандартына ылайык ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Предметтик компетенттүүлүктүн негизинде баалонун критерийлери иштелип чыккан. Окуучулардын чейректик билим сапатын баалоо үчүн  жыйынтыктоочу тесттик сынактар өткөрүлөт. Ар бир жарым жылдыкта мониторинг жүргүзүлөт. ЖМА Жобосуна ылайык сынактар өткөрүлүп, сынак баасына канааттанбаган окуучу талаш-тартыш комиссиясына кайрылууга укуктуу. 9-11-класстын окуучулары жетишкендиктеринин көрсөткүчүнө карата артыкчыкчылык күбөлүгүнө жана “Алтын Тамга” аттестатына сунушталат.
2.6 Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу 
2.7 Ички жана тышкы баалоонун системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларанын динамикасы
2.8 Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол- жоболорунун  болушу.   

 

Күчтүү жактары:

 1.  Мектеп «Күндөлүк» электрондук ситемасы менен  иш жүргүзөт.

2. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологиялар жана алдыңкы окутуу усулдары колдонулат.

3. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди мониторинг аркылуу баалоонун жыйынтыгы  дайыма чыгарылып турат.

4. Окуучуларга баалоонун жыйынтыктары:  чейректик баалар, тесттер, текшерүү,  жазуу иштери, ЖРТ ,  сынактар   мониторинг аркылуу салыштырылат.

 

 Алсыз жагы:   Ата-эненин мээримине муктаж болгон мигранттын балдарынын саны жыл сайын өсүүдө жана алардын психологиясы оор бойдон калууда.

Сунуштар:   Алдыңкы иш тажрыйбаларды  башка  мектептер  менен  бөлүшүү.

 

 

 

 

 

 

 

 3.КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

 

3.1 Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим программасына шайкеш келүүсү  

 

 

 

3.2 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой билим берүү процессинин катышуучуларынын өзара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол- жоболордун болушу  

 

 

 

 

 

3.3 Педогогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын  жогорулатуу жана мативациялоо системасынын болушу  

 

 

Күчтүү жактары: 
Алсыз жактар:

Сунуштар:

 

 

 4.МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

 

 
4.1 Билим берүү процессинин  катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал)болушу  

 

 

 

 

 

 

 

4.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
4.3 Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо,баалоо,талдоо жана пландоо механизминин болушу
Күчтүү жактары:1.Гимназия-интернаттагы имараттардын жалпы абалы  жакшы .

2.Гимназия-интернатта МТБ ны-инфраструктураны жакшыртуу боюнча түзүлгөн планга ылайык системалуу иштер алынып барылат. (жатаканалардын крышалары толугу менен капиталдык оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлдү, ашкана, оку корпусунан эки кабинет, жатаканалардагы төрт даараткана, окуу корпусунан үч даараткана толугу менен капиталдык оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлдү).

3. Гимназия-интернаттын балдар тамактанган ашканасындагы идиштердин абалын жакшыртуу, үй-тиричилик буюмдарын жакшыртуу, имараттарда күнүмдүк колдонуучу жана керектүү чарба буюмдары менен камсыз кылуу жана оңдоо иштери боюнча пландардын убагында аткарылып турушу.

4. Окуу корпусунда, жатаканада, мектептин айланасында санитардык-гигиеналык эрежелер дайыма сакталат жана гимназия-интернат ар дайым тазалыкта кармалат.

Сунуштар:

1. Гимназия-интернаттын инфраструктурасын жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын толуктоо, коопсуз чөйрө түзүү, окуучулардын окуу процессине карата мотивациясын жогорулатуу багытындагы иштерди жүргүзүүнү улантуу.

2. Окуучулар менен гимназия-интернаттын эмеректерин сактоого карата тарбиялык иштерди улантуу.

 

Жыйынтык:

Гимназия-интернаттын өзүн-өзү баалоо комиссиясы программалык аккредитациялоодо түзүлгөн отчетун аккредитациядан өтүү үчүн ыйгарым укуктуу органга жиберүүнү сунуштайт.

Комиссиянын төрайымы: ___________________

Комиссиянын мүчөлөрү:

___________________

___________________

___________________

___________________

___________________

___________________

___________________

___________________

___________________