Усулдук бирикменин темасы:
«Окуучулардын таанып -билүү жөндөмдүүлүгүн арттырууда ар тараптуу окутуунун негизинде окуучулардын билимин, билгичтиктерин жогорулатуу»
Максаты:
Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун процессинде сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк берген жагымдуу окутуу чөйрөсүн түзүү менен окуучулардын кызыгуусун, жөндөмдүүлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн, ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн калыптандыруу.
Милдеттери:
- Ар тараптуу окутуунун усулдук иштерин жогорулатуу;
- Мектепте ар тараптуу окутуудагы чыгармачыл иштерди уюштурууну жолго коюда усулдук бирикменин мугалимдеринин ишмердүүлүгүн көрсөтүү;
- Окуучулардын өздөштүрүүсүн, жетишкендиктерин бирикменин жумалыктарын, олимпиадаларды, конкурстарды уюштуруу менен өркүндөтүү;
- Адабий тилдеги оозеки жана жазуу кебин калыптандыруу, сабаттуулугун өнүктүрүү;
- Окуучулардын тапкычтык, ишмердүүлүк сыяктуу сапаттарын жана илимий көз караштарын өнүктүрүү болуп эсептелет.
Гуманитардык бирикмеде 20 мугалим эмгектенет
- 7 мугалим тарых, адам жана коом сабактарынан беришет.
- 13 мугалим кыргыз тили жана адабияты, сабактарынан беришет.
Алардын ичинен:
- 5 мугалим Эл агартуунун отличниги,
- 2 мугалим жаш адистер.
8-кл сабактын планы Хазада эже
Гуманитардык бирикменин протоколдору, маалымдамалары. |
Гуманитардык бирикменин 2018-2019-окуу жылына карата ички баалоо боюнча мониторинги |