21- февраль «Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү»
21- февраль «Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнүн» алкагында Т.Сатылганов атындагы 69- ОТКГ да 10- класстар арасында «Улут болсом тилим менен улутмун» деген темада Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров менен жолугушуу кечеси болду.Жолугушууда акындын ырларын 10-б,г,д класстын окуучулары көркөм айтып беришти.Акынга окуучулар өздөрү кызыккан көптөгөн суроолорду беришип жоопторун ала алышты.Жолугушуу жогорку деңгээлде болуп окуучулардын купулуна толду,ошону менен бирге акын да,өздөрү да ыраазы болушту.Акын аягында ыраазычылыгын билдирүү менен мугалимдерге жана көркөм окууда активдүу катышкандарга «Көкүлчөн кыялдар»деген китебин белекке тапшырды.Бул жолугушуу кечесин уюштурган бардык кыргыз тилчи мугалимдерге,Баяманова Чынар ,Жороева Жазгүл эжелерге жана Усупбай уулу Кенжекул агайга ыраазычылык билдирүү менен ден соолук,иштерине ийгиликтерди каалайбыз.
Комментарии