«23-февраль — Ата мекенди коргоо күнүнө» карата конкурс
22-февраль, 2023-жылы «23-февраль — Ата мекенди коргоо күнүнө» карата 10-класстардын эр жигиттеринин арасында конкурс болуп өттү. Конкурс гимназиябыздын аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими И. Б. Абдылдаев жана класс жетекчилер тарабынан уюштурулду. Конкурста афган согушунун ардагерлери калыстык кылышты.
Конкурстун жыйынтыгында 1- орунга 10б класс, 2- орунга 10 а класс, 3-орунга 10 е, 10 г класстары татыктуу болушту. Бул конкурска бардык класстын жигиттери жакшы даярдыктар менен келишкен.
Гимназиябыздын директору, КР нын эмгек сиңирген мугалими Атаева Сайрагул Токтосуновна жана афган согуштун ардагерлери тарабынан грамоталар, сыйлыктар тапшырылды эр жигиттерге жакшы каалоо, тилектер айтылды.
Эр жигиттерге ийгиликтерди каалайбыз!
Гимназиябыздагы майрамдык иш-чаранын жүрүшүн Элтр канатынын кызматкерлери тартып кетти.
Элтр каналынын көрсөтүүсүн төмөнкү ссылка менен кирип көрсөңүздөр болот.
Комментарии