Балдардын келечеги үчүн!
05.06.24. Т.Сатылганов №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына Корея Республикасынын Ёнджу шаарынын Кёнбук коллдеджинен профессор Anthony Kim мырза келип, корей тилин окуган класстар боюнча маалымат алды.
Мектеп директору Атаева Сайрагуль Токтосуновна менен жолугушуп, корей тилин окуган балдардын келечеги тууралуу сүйлөшүү болду.
Профессор Anthony Kim 9-Б класстын окуучулары менен жолугушуп, Кёнбук коллдеджинин эл аралык деӊгээлде жогору экендигин айтуу менен, алардын келечеги үчүн көп мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги тууралуу маалымат берди. Медицина жана инженердик , гуманитардык, социалдык багытындагы факультеттер жөнүндө кызыгуу менен суроолорун беришти.
Окуу жайдын өзгөчөлүгү- иш менен камсыз кылгандыгын баса белгилөөгө болот.
Келечегиӊер кеӊ болсун, окуучулар!
Комментарии