Ийгиликтер жана жетишкендиктер
28.05.24 Бишкек шаардык мэриясынын 1-Май районунун Билим берүү башкармалыгы тарабынан жыл бою уюштурулган иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземи болуп өттү.
Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын окуучулары үчүн да ийгиликтер коштолду.
Жыйынтыгында, “Патриоттук ырларды көркөм окуу” боюнча сынакта 8-А классынын окуучусу Самыйкожо кызы Айназик, жетекчиси Усупбай уулу Кенжекул 3-орунга ээ болушту.
Предметтик олимпиаданын жыйынтыгында гимназия жалпы 8 орун алышты.
1-орунга 11-А классынын окуучулары: Женишбекова Айзада Бакытовна орус тили жана адабиятынан, жетекчиси Каниетова Толкун Каниетовна, Мамбетисаев Камил математикадан, жетекчиси Шайбекова Жанара Сагындыковна, Муканбет кызы Медина, биолгогиядан, жетекчиси Токтомамбетова Аймира Моӊолдоровна, 2-орунга 11-А кл. Алмазова Жылдыз математикадан, жетекчиси Шайбекова Жанара Сагындыковна, Аскарбекова Акчолпон кыргыз тили жана адабиятынан, жетекчиси Жороева Жазгүл Исраиловна, 10-А кл. Садыбакасов Азамат химиядан, жетекчиси Айдаралиева Калипа Сабыровна, 3-орунга 10-А кл. англис тилинен Мергенбай Нуркелди, жетекчиси Өмүралиева Минера Байышовна, математикадан, жетекчиси Ботойева Анипахан Эргешовна ээ болушту.
Гимназия көрсөткөн ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ыраазычылык кат менен сыйланды!
Ийгилик жараткан окуучулар, эже-агайлар, гимназия жамааты, сыйлыгыӊыздар менен куттуктайбыз!
Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Дагы ийгиликтер коштоло берсин!
Комментарии