«Келечек» студиясындагы жолугушуү
18- февраль, 2023-жылы 6- з классынын окуучулары кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарынбаева Мээримдин жетектөөсү менен Төлөгөнов Тумар менен Барктабасова Назира КТРК нын «Келечек» студиясына Кыргыз Республикасынын эл акыны Каныбек Жунушев менен жолугушууга барып келишти. Балдар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты жана маек абдан кызыктуу өттү. Сексен жаштан ашып калган аксакал агайдын ак батасын алышып, көңүлдүү кайтышты. Эң негизгиси алып баруучу Миргүл эже балдардын талантын, жөндөмүн жогору баалап, аларды жактырып кийинки жумада Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарика Жалгасынова менен жолугушууга чакыруу беришти.
Комментарии