КТРКнын «Келечек» студиясында жолугушуу
1-апрель 2023-жылы, КТРКнын «Келечек» студиясына Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов менен кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарынбаева Мээримдин жетектөөсү менен 6- з классынын окуучулары Уланбеков Санжар жана Өмүрбекова Айназик болуп жолугушууга барып келдик. Искусствого кызыккан, көпчүлүк кумир туткан белгилүү адам менен бетме-бет жолугуп, жакындан таанышып, чер жазып маектешүү окуучулар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Улуу инсандардан улуу кептерди, акыл- насааттарды угуу, баарлашуу окуучурдын келечегине, жашоосуна таасир эттип, эсте каларлык жемиштүү күн болду деп эсептейм. Агайдын колунан белек алышып, таасирленип кайтышты. Окуучуларыбыз дагы келечекте төбөсү көрүнгөн белгилүү, мыкты инсандардан болушсун!
Комментарии