Кытай Эл Республикасынын элчи айымы №69 гимназияда
05.12.23 Т.Сатылганов №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын катышуусунда иш-чара болуп өттү.
“Менеджердин көз карашы” 11-Е классына Жолдошбекова Толгонай, Алан лаошы, “Чыныгы достук”10-В классына Кыдырбек кызы Айкерим, Лю лаошылар сабактын фрагменттерин тандем түрүндө көрсөтүп беришти. Андан соӊ, акт залда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым менен Т.Сатылганов №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Атаева Сайрагул Токтосуновнанын, №31 мектеп гимназиясынын директору Омурзакова Татьяна Омурзаковнанын ортосунда ар бир мектепке белекке берилип жаткан 2 интерактивдүү панелдерди өткөрүп берүү жана кабыл алуу актысына кол коюу аземи болду.
“Салтанат шыңгырама”, фольклордук ансамбли, жетекчилери Үсөнбек улуу Эдил, Турсуналиева Аяна, көркөм окуу Үмөтбекова Айжамал , 11-Е класстын окуучусу, “Жаз, дарыя, гүл, айлуу түн”, “Байыркы кытай бийи”, Эралкан кызы Айгине, 10-в класстын окуучусу, “Карлыгачтар уясына кайтып келишет” ыры, 10-е класстын окуучуларынын катышуусунда өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна , мектеп директорлору : Атаева С.Т., Омурзакова Т.О. элчи айым Ду Дэвэнге ыраазычылк сөздөрүн айтышты.
КЭРнын КР дагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясыныны окуучуларынын билим деӊгээлине жана мектептин ишмердүүлүгүнө жогорку деӊгээлде баа берди. Ыраазычылык сөзүн айтты.
Азаматсыӊар, гимназия жамааты, Кыргызстандын, гимназиянын желегин желбирете бергиле!!!
Комментарии