«Менин апам» сынагы
Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы №69 окуу- тарбия комплекс- гимназиясында 9- класстар арасында «Менин апам» аттуу сынак уюштурулду.
Иш- чаранын максаты ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү, кыз менен эненин ортосундагы мамилени, жакындыкты өнүктүрүү жана окуучулардын руханий интеллектин жогорулатуу болду. Сынакта логикалык суроолор, эне менен кыз бала чогуу алып бара ала турган тапшырмалар камтылды. Алар бул конкурска абдан жоопкерчилик менен ар бир тапшырманы толкундануу менен аткарып беришти. Урматтуу ата- энелер сиздерге гимназиянын мугалимдер жамааты терең ыраазычылык билдиребиз. Окуучулар болсо таймашта татыктуу жеңиштерге ээ болушту. Катышкан ар бир апа номинацияларга ээ болушту. (Мээримдүү эне, акылман эне, сүйкүмдүү эне, ажарлуу эне ж.б)
Комментарии