Республикалык “Кытай достук көпүрөсү” -2024
- Республикалык “Кытай достук көпүрөсү” аттуу 13 жашка чейинкилердин арасында сынак Бишкек Гуманитардык университетинде болуп өттү.
Сынакта кытай тили боюнча билими, речи, өнөрү бааланды. Республикалык сынакка тандоо турунан 3 окуучубуз: Муратбекова Айназик 5-ж класс, мугалими Чынтемир кызы Гулбара, Уметбеков Байнур 5-ж класс, мугалими Аскарбекова Айжамал, Жумакдырова Акак 5-И класс, мугалими Кыдырбек кызы Айкеримдер өтүп, сынакка катышууга жолдомо алышкан.
Кытай тилин мыкты билгендердин арасында ат салышкан окуучуларыбыздын, лаошыларыбыздын ийгилиги бизди кубандырды
Жыйынтыгында, Уметбеков Байнур 1-орунга, Жумкадырова Акак 3-орунга, Муратбекова Айназик “Мыкты речь” номинациясына ээ болду.
1-орунга ээ болгон Уметбеков Байнурду жана Айжамал лаошыны дүйнөлүк сынакта да ийгиликтер коштолушуна тилектешпиз!
Ийгилик жараткан сүйүктүү окуучуларыбызды жана лаошыларды чын жүрөктөн куттуктайбыз!Биз сиздер менен сыймыктанабыз!
Дайыма сиздерди ийгиликтер коштой берсин демекчибиз!
Комментарии