Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 30 жылдык мааракеси
Бай тарыхы бар Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына быйылкы жылы 30 жылдын жүзү болуп отурат. Гимназия 1989-жылы 1-сентябрда ачылган.
Гимназиянын 30 жылдык мааракеси 2019-жылдын 19-октябрында белгиленди. Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна , Маданият, маалымат жана туризм министри Иманалиев Кайрат Олжобаевич, Бишкек шаарынын вице-мэри Кузнецова Татьяна Анатольевна, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Музуралиев Канатбек Байсарыевич, 1-Май районунун акими Биримкулов Алибек Темирланович, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Мейрманова Сауле Жаксылыковна жана ошондой эле мектеп менен кызматташ болгон уюмдардын, борборлордун жетекчилери : Германия мамлекетинин чет өлкөдөгү билим берүү боюнча Борбордук Азиядагы мекемесинин жетекчиси (ZfA) Ребека Вагнер , .Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институтунун директору Ан Дэюань , “Устатшакирт” борборунун директору Сырдыбаева Разия Мадылбековна жана шаардын мектеп директорлору келип катышты.
Иш-чарада алгач мектептин сыртында конокторду тосуу менен башталды. Келген коноктор боз үйлөрдөгү чопо чоор, дастан ийримине катышкан окуучулардын өнөрлөрү менен таанышып өтүштү.
Иш-чаранын официалдуу бөлүгү КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер , профессор Маматова Г.К. жетектеген хор ийриминин жана көптөгөн кароо-сынактардын лауреаты Э.Керимбаевдин бий ийриминин окуучуларынын концерттик номерлери менен башталып, келген коноктор «Устатшакирт» борборунун кызматташтыгынын негизинде жаралган ийгиликтер менен таанышып өттү. Атап айтсак, Токсонбаева Н. «Комуз черткенди үйрөнөбүз” аттуу фрагмент сабагында келген конокторго комуз карматып, кол шилтеп черткенди үйрөтүү менен көпчүлүктүн көнүлүн бөлө алды. Фрагменттин аягында талыкпаган эмгектин, окуучулар менен иш алып баруунун натыйжасында бир нече аспаптардан куралган фольклор ансамблинин аткаруусунда “Эргиме” күсүн тартуулады. Келген коноктор сапарын улап мектептин фоесинде топтолгон “Умтул” комузчулар жана Чынгышева Э., Сагынова Г. жетектеген комузчулар ансамблинин аткаруусундагы Т. Сатылгановдун “Кербезим” күүсүн угушту. Манасчы, дастан ийриминин жетекчиси С. Көчөрбаевдин жетектөөсүндө комузчулар ансамблинин жана андан соң темир ооз комузчулардын аткаруусундагы манас айтуу менен К. Султанбеков жетектеген темир ооз комузчулардын “Мектебим” чыгармасы тартууланды.
Мектептин 2-кабатында окуучулар акындардын жана өздөрүнүн жүрөк толкуткан ырларынан көркөм айтышты. Андан соң, “Ч. Айтматов адамзаттын жүрөгүндө” кыргыз адабияты сабагынан фрагментти кыргыз тили жана адабияты мугалими Усупбай уулу Кенжекул көрсөтүп берди. Аларды толуктоо катары “Актердук чеберчилик” ийриминин жетекчилери : Джарашев Э. Ж., Бостонов О. Ж. тарабынан Ч. Айтматовдун чыгармаларынан композициясынан окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мында көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн козгоп, алардын жылуу пикирлерине ээ болушту.
Ошондой эле окуу процессиндеги ийгиликтери , натыйжалары жөнүндө да маалыматтар камтылды. Немец тилин окутуу боюнча маалыматты немец тили мугалими Абдыкеримова С.А. кенен айтып берди жана волонтер Каролина Мюллер менен биргеликте лингафондо “Адамдардын өз ара мамилеси” тандем сабагынан фрагментти жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Ошондой эле мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу усулдук иштер боюнча директордун орун басары Борукчиева Г.Т. тааныштырып өттү. “Келгиле окуйбуз” долбоор боюнча улуттук тренер Мааткеримова А. Д. мугалимдерге тренингди уюштурду.
“Англис тилинде сүйлөгөн мамлекеттер” деген темада англис тили мугалими Исаева Г. Т. сабагын көрсөттү. Окуучулары активдүү сүйлөө менен коноктордун купулуна толду.
Мектепте окуучулардын билим сапатын арттыруу максатында да мактоого татырлык иш-аракеттер болуп жаткандыгына келген коноктор күбө болушту. Окуучулардын билимин баалоодогу гимназиянын өзгөчөлүктөрүн математика мугалими Осмонова Ч. Т. тест борборунда тааныштырып берди.
Гимназиянын дагы бир өзгөчөлүгү катары чет тилдерин окутуудагы кытай тилинин окутуу боюнча маалыматты чет тилдер боюнча директордун орун басары Рыскелдиева А. З. кенен айтып берди. Ийгиликтерге жетүү жолдорундагы айрым кадамдарынан кытай тили мугалими Кыдырбек кызы Айкерим, волонтер Лан Лингдин “Үй-бүлө” деген темадагы тандем сабагындагы фрагменттен окуучулардын лингафондо иштөөсүнөн күбө болушту.
2-расмий бөлүгү акт залында мектеп жөнүндө кыскача фильм менен башталып, келген коноктордун куттуктоолору болду.
Гимназиянын 30 жылдык мааракесине карата Билим берүү башкармалыгы тарабынан интерактивдүү панель жана 1-Май районунун акимиатынын 2 ноутбук белекке берилди.
Иш-чарада аталган мектептин инновациялык окутуунун алкагында билим, маданий-эстетикалык тарбия берүү процесси , эл аралык кызматташуу долбоорлору менен бирге жетишкен ийгиликтердин натыйжаларына коноктор күбө болушуп, терең ыраазычылык билдиришти.
Мааракедеги мектептеги миңден ашык комузчулардын ичинен 150 окуучу, 500 жакын темир ооз комузчулардын ичинен 300 окуучу, жаш актерлордун чеберчилиги, бий, хор, вокал, дастан, чопо чоор, ийримдеринин жана фольклор ансамблин жетектеген шыктуу балдар менен чыныгы устаттардын эмгегинен жаралган керемет чеберчилигине таң беришип, келген коноктор суктануу менен жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын айтып, мектептин директорунун жетекчилик ишин жогору баалап, Атаева Сайрагул Токтосуновнга ыраазычылыгын билдиришти. Гимназиянын жетишкен ийгиликтеринен улам , иштөө процесстерин натыйжалуулугун көрүп, мектеп жамаатына , мектептин өсүп-өнүгүүсүнө, келечегине ийгиликтерди каалады.
Өркүндөп өсө бер, гимназия!
Комментарии