Талантуу окуучулар мамлекеттик иш-чараларда
1.10.2022 –жыл. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин демөөрчүлүгү менен Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган Кытай Эл Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунда Кытайдын жетишкендиктери жана Кытайдын салттуу маданиятынын көргөзмөсү жана тажрыйбасы чагылдырылган сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага элчи Ду Дэвэн катышты. Иш-чарада концерттен тышкары көптөгөн жергиликтүү элди оюн- зоок аркылуу көрүүчүлөрдү конкурстарга активдүү катышууга тартты. Бул иш- чарага биздин гимназиянын окуучулары өздөрүнүн талантарын көргөзүп, күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болушту.Көптөгөн кытайлык жана чет элдик маалымат каражаттары интервьюларды алып, репортаждарды уюштурушту.
Бул иш-чарага катышкан Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын активдүү окуучулары: 11-Е кл. Абазова Албина, 11-В кл. Джыргалбеков Байэл, Сапардинова Анжелика, Сартбаева Элзат, Сатарова Айгерим, 9-З кл. Байтикова.Нурайым Жапарова.Айгерим, Жумабекова.Асема, Кайырбекова.Айэлина, Мадашбекова.Аделя, Рысалиева.Айзирек, Эралкан кызы Айгине, 9-Жкл. Эмилов Адилхан, Касымбекова Асел Осмонбекова Гулназ, Эсенгулова Телегей, Актанбек кызы Айжан, Замирова Сезим, Атакозуева Нурай, Манас кызы Шаниз, Жумабекова Асема, Салмоорбекова Айдай.
Азаматсыңар, окуучулар, ар тараптуу таланттуусуңар! Биз силер менен сыймыктанабыз!
Комментарии