“ Туруктуу мектептерди глобалдык издөө” демилгесинин жеңүүчү — мектептеринин ишмердүүлүгүнүн отчеттук семинары
2020 –жылдын 24- декабрында Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу- тарбия комплекс – гимназиясынын базасында « Туруктуу мектептердин тармагын түзүү менен туруктуу жашоо образын глобалдык издөө “ демилгесинин жеңүүчү- мектептеринин ишмердүүлүгүнүн отчеттук семинары болуп өттү.
Демилге азыркы учурда дүйнөнүн 9 өлкөсүндө SLE 10YFP , программасынын концепциясына ылайык жүзөгө ашырылып жаткан Глобалдык экологиялык стратегиялар институту тарабынан ишке ашырууга мүмкүн болду. Демилгени КРнын КТЧКТЧ Мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги , Кыргыз билим берүү академиясы , билим берүү мекемелери ж .б. менен биргеликте ишке ашууда.
Семинар “ Келечек “ аллеясына карагайларды отургузуу менен башталды. “ Келечек “ аллеясына коноктор жана семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич , мектепке чейинки , мектептик жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Жолдошбекович , Кыргыз билим берүү академиясынын вице- президентти Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович , Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Нусувалиев Максат Орозбекович, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Акматова Гульмира Каленовна , Биринчи май районунун акиминин орун басары Рысбаева Аида Жолочиевна , Биринчи май райондук Билим берүү борборунун директору Мусаева Рахат Ишенбековна , “ Туруктуу мектептерди глобалдык издөө “ демилгесинин координатору Дуйшенова Жылдыз Кадыркуловна, “ Туруктуу мектептерди глобалдык издөө” демилгесинин билим берүү боюнча адиси Джунушалиева Калиман Кеңешбековна , Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Асылбеков Казыбек Эсенгулович , Буденовка орто мектебинин директору Кайдулатова Миргуль Бейшенбековна , Жунусов Баратай атындагы орто мектебинин директору Ачеков Ислам Амановичтер ийне жалбырактуу көк карагайларды отугузушуп , мектептин “Келечек” аллеясы негизделди. Семинар улантылып, коноктор жана семинардын катышуучуларына Т.Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс –гимназиясынын “ Туруктуу мектептерди глобалдык издөө “ демилгесинин жана башка долбоорлордун алкагындагы ишмердүүлүгү жөнүндө мектептин директору Атаева Сайрагүл Токтосуновна баяндап берди. Алар “ Ачык асман алдындагы класс “, мектептин оранжереясы , мугалимдердин иштелмелери ,“ Устат шакирт “ долбоорунун фольклордук ансамбли, ооз комузчулар ансамбли , комузчулар ансамблинин аткаруусунда кыргыз элинин чыгармаларын аткарып беришти. Немец жана кытай тилдерин тереңдетип окутуу долбоору жана GIZ “ Кесипке багыт берүү” проектиси алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты.
Келген коноктор жана семинардын катышуучулары тарабынан мектеп жетекчилигине, педагогикалык жамаатка терең ыраазылык билдиришти .
Комментарии