Волонтер-мугалимдер №69 гимназиясында кызматта
“ Билим –окуучунун келечекке багыт ала турган чырагы” демекчи, Бишкек шарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы окуучулардын ар тараптуу билим алышы үчүн, келечиги үчүн дайыма кызматта болуп келет.
Гимназияда чет тилдерин тереңдетип окутууда волонтерлордун орду абдан зор.
Азыркы учурда да немец тилинен 1 волонтер Юлиа Швирц сабак берип келүүдө.
Ал эми кытай тилинен Конфуций институту тарабынан берилген 3 волонтер: Лан Линг, Сиань Руйен , Ван Вей иштеп жатышат. Дагы бир сүйүндүрө турган иш катары Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги тарабынан КЭРнын атуулу 1 мугалим –волонтерду берип жаткандыгын мектепке болгон ишеними катары жогору бааласак болот.
Ошондой эле корей тили Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинин Бишкек шаарындагы “Корей борбору” тарабынан бир нече жылдан бери колдоого алынып келген. Быйылкы окуу жылында “Корей борбору” 2 волонтер: Ким Хеджин, И Ёнгсонду берип, балдар менен кызуу иштеп жатышат.
Балдар чет тилдерин кызыгуу, сүйүү менен окуп жаткандыгын мектеп жашоосу далилдеп жатат.
Волонтер-мугалим эжелер, ишиңиздерге ийгилик!
Комментарии