«Жоокер ыры» 8-республикалык конкурсу
27-февраль, 2023-жылы жалпы билим берүү уюмдарынын жана Кыргыз улуттук аскер окуу жайынын курсанттарынын арасында «Жоокер ыры» 8-республикалык конкурсунун райондук туру болуп өттү. Конкурска биринчи май району боюнча жалпы 36 окуучу катышкан, 2 номинация боюнча биздин гимназиянын окуучулары ийгиликке жетишти.
«Аскердик ырлар » номинациясы боюнча 11-класстын окуучусу Русланбекова Аруузада (жетекчиси Азат уулу Акыл), «Көркөм айтуу» боюнча 11-а класстын окуучусу Матаев Жакшылык, 11-в класстын окуучусу Муканбетжусупова Анара (жетекчиси Джарашев Элдияр) шаардык турга жолдомо алышты.
Бул конкурста өздөрүнүн таланттарын тартуулаган 11-а класстын окуучусу Эсенбеков Залкар, 10-г класстын окуучусу Айдаралиев Сайкалга да терең ыраазычылык билдиребиз.
Азаматсыңар! Шаардык турда да ийгилик каалайбыз!!!
Комментарии