Илимий-усулдук кеңеш

Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын

                                     илимий-усулдук   кеңешинин

                                                                ЖОБОСУ

  1. Жалпы жоболору .
    • Т.Сатылганов №69 ОТКГ муниципалдык жалпы билим берүү мекемесинин мектептик Методикалык Кеңеши (мындан ары МК ) билим берүү процессинин илимий –методикалык камсыздоосун онүктүрүүгө ,инновациялар , педагогикалык жамааттын тажрыйба –эксперменталдык ишмердигин арттырууга багытталган методикалык  кызматтын алдындагы структуралардын ишин теске салат.
    • МК ишмердигинин максаты :
  • Мектептин методикалык иштеринин ийкемдүүлүгүн  жана ыкчамдуулугунун  камсыз кылуу ;
  • Педагогикалык кызматкерлердин адискөйлүгүн жогорулатуу;
  • Мугалимдин ,насатчынын адистик сапаттарын түзүү алардын адистик чеберчилигинин өстүрүү ;
  • Педогогикалык кадрлардын методикалык окуусун ,окутуу –тарбиялоо процессинин методикалык  камсыздоосун  уюштуруу жана теске салуу;
  1. Ишмердиктин максаттары:

Өзүнүн  ишмердигинде  МК төмөнкү максаттарды кое:

  • методикалык камсыздоосунун абалын баамдоо.
  • Мектепте ОТП уюштуурунун жаңы методикалык  технологияларын  иштеп чыгуу .
  • Методикалык биримдиктин ишин негиздөө жана уюштуруу (предметтер боюнча ).
  • Мектептин салттарын сактап ,ар дайыма адистикөйлүк изденүүдө жүргөн мектептин жалпы билим берүү  процесстерин өнүктүрүүчү , окутуу ишинин жемиштүүлүгүнө  аракеттенген , биримдиктеги  жамаатты негиздөө.
  • Тарбиялоо –окутуу прцессинде пайдалануу үчүн заманбап методикаларды , формаларды окутуунун  ыкмаларын  жана каражаттары , жаңы педагогикалык жана билим берүү технологияларын издөөгө жана пайдаланууга көмөк кылуу.
  • Мугалимдердин жана насаатчылардын адистик жетишкендиктерин изилдөө ; баалуу тажрыйбаны баамдоо жана насаатчылардын  адистик  жетишкендиктерин  изилдөө ; баалуу тажрыйбаны  баамдоо жана педагогикалык  жамааттын ишине жуурулуштуруу;
  • Педогогикалык жамааттын мектептин тарбиялык –окутуу прцессинин  жана мугалимдин ишин өнүктүрүүгө  жана жаңылануусуна  багытталган  демилгелерине дем берүү жана чыгармачылыгын  активдештирүү.
  • Мектептин стратегиялык документтеринин алгачкы экспертизасын өткөрүү (өнүгүү программалары ,билим берүү жана окутуу программалары ,окуу пландары  жана башкалар);
  • Мектеп тарабынан жүргузүлүп жаткан комплексттүү изилдөөлөр ,долбоолор , эксперменттердин  жүрушүн  жана жыйынтыктарын  көзөмөлдөө;
  • Педагогикалык ишмердиктин жыйынтыгынын анализдөө ,каталарды ,  кыйынчылыктарды,окуучуларга жана окутуучуларга күч келген жерин табуу жана алдын алуу; методикалык бөлүкчөлөрдүн ишмердигин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү жана аларды ишке ашырууга катышуу;
  • Инсанга багытталган педагогикалык ишмердикти өнуктүрүүгө көмөк кылуу,педагогторго изденүүгө ,өсүүгө жана чеберчилигин арттырууга шарт түзүү;
  1. Ишмердиктин багыты , мазмуну :
    • МКнын ишмердигинин мазмуну мектептин окуу жылына болгон максаттары жана милдеттери ,мектептин өнүгүсүүнүн өзгөчөлүктөрү жана билим берүү аймагы менен аныкталып турат.Ички мазмуну мектептин педагогикалык  кызматкерлеринин адискөйлүгүнүн жогорлатууга ,тарбиялоо –окутуу процессинин  жакшыртууга багытталган .
    • МК өз ишин төмөнкү бакыттар боюнча алып барат:
  • ОТП методикалык камсыздоосунун жана методикалык окутуунун максаттарын жана милдеттерин тузөт;
  • Педагогтордун адистигин жогорлатуусунун мазмунун ,формасын  жана методун аныктайт;
  • Педагогикалык кадрлардын методикалык окуусунун пландаштыруусунун , уюштуруусун жана теске салуусунун ,анын жыйынтыгын анализин жана баамдосун жүргузүлөт :
  • ОТП методикалык камсыздоосуна жана методикалык ишке байланышкан педагогикалык маселелерди чечет;
  • Педагогикалык практиканы изилдөө , жалпылоо жана таратуу боюнча ыкмалардын системасын иштеп чыгат;
  • Методикалык кобинеттин ,мектептин китепканасынын ишин жетектеп ,көзөмөл кылат ;
  • Мектептин педагогикалык кадрларын жана жетекчилерин аттестациялоого катышат;
  • Инновациялык ишмердикти уюштуруу, жүзө ашыруу жана баамдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана макулдаштырып турат;
  • Илимий-эксперименталдык ишмердикти уюштурат
  • Инновациялык окуу программаларын жана жаңы педагогикалык методикаларды жана технологияларды  сынактан өткөрүүгө көмөк кылып ,көзөмөл жүргүзөт ;
  • Педагогикалык кызматкерлердин адистикчеберчилигин онүктүрүү жана деңгээлин жогорлатуу боюнча план ,график жана программаларды иштеп чыгат;
  • Жумушчу, инновациялык ,эксперменталдык программалардын талкуусун уюштурууга жана аларды талкуулоо жана бекитүү үчүн педагогикалык кеңешке сунуштайт;
  • Методикалык илимий, инновациялык ишмердикке ,илимий-практикалык семинарларды ,тегерек столдорду ,методикалык сынактарды ,көргөзмө , методикалык күндөрдү , жумалыктарды , декадаларды жана башкаларды өткөрүүгөжетекчилик кылат;
  • Мектептин методикалык ишмердигинин жемиштеринин –методикалык окуу куралдарынын жана башка программалардын анализин жүргүзүп ,басылмага жолдомолорду берип жана аларды жайылтуу боюнча иш алып барат;
  • Мектепти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү жана тажрыйбаны өздөштүрүү ,изилдөө максатында мугалимдердин ,жетекчилердин демилгеси боюнча негизделген убактылуу чыгармачылыктын бирикмелердин ишин пландаштырат жана уюштурат;
  1. Ишмердиктин структурасы жана уюштурулушу .
    • Методикалык кеңештин мучөлөрү  метептик методикалык бирикмелердин  жетекчилери ,директордун тарбиялык –окутуу иштер боюнча орун басарлары  болушат .
    • МКнын башында директордун методикалык иштер боюнча орун басары турат;
    • Өз ишмердигинде МКнын төрөгасы мектептин директоруна ,педагогикалык кеңешке баш ийет;
    • МКнын жыйналышы чейректе  бир жолудан  кем эмес өткөрүлөт;
  2. Иштин формасы

Ачык жана жабык  жыйналыштар .

 

 

  1. Методикалык Кеңештин укутары .

Методикалык Кеңеш укуктары:

  • Мугалимдердин клафикациялык разядын жогорулатуу үчүн сунуштарды даярдоо жана жолдомо берүү ;
  • Мектептеги окутуу процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды көтөрүү;
  • Методикалык бирикмелерде топтолгон  алдыңкы педагогикалык тажрыйба боюнча матириалдарды басылмаларда чыгаруу боюнча маселе коюуу;
  • Тажрыйба –изденүүчүлүк ,эксперменталдык ,илимий –методикалык жана долбоорлоо-изилдөөчүлүк ишмердикке активдүү катышкандыгы үчүн жалпы билим берүү мекемесинин көтөрүү .
  1. Методикалык Кеңештин ишмердигине көзөмөл жүргүзүү .

Өзүнүн ишмердигинде Кеңеш мектептин педагогикалык Кеңешине отчет берет .Методикалык Кеңештин ишмердигине көзөмөлдүбилим берүү мекемесинин директору жүргүзөт.