1-сентябрь – Билим күнү!
Бул бардык окуучулардын, алардын ата- энелеринин жана мугалимдердин майрамы.
Мектепке биринчи кадам таштап жаткан 1-класстын окуучулары үчүн бул күн жаңы жашоонун башталышы жана өзгөчө эсте каларлык майрам болуп эсептелинет.
2020-жылдын
1-сентябрында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы N69 окуу- тарбия комплекс- гимназиясына жаңыдан мектеп босогосун аттаган 1-класстын окуучуларын мугалимдер кучагын жайып тосуп алышты.1-класстан бардыгы болуп, сегиз класс комплект ачылган.
Гимназиядагы иш- чарага катышууга 1-май районунун акими Биримкулов Алибек Темирланович келип, мугалимдерди, ата-энелерди жана 1- класска жаңыдан келген окуучуларды билим күнү менен куттуктап кетти. 1-класстын окуучуларына өтүлгөн “Сүйүктүү Кыргызстаным” – деген тарбиялык сабактарга катышып, мектептеги окуучулардын окуу- шарттары менен таанышып кетти.
Комментарии