Керемет ыр!
Керемет ыр!
30-ноябрда Бишкек гуманитардык университетинде 8-республикалык деңгээлде студенттер жана окуучулар арасында кытай тилинде мыкты аткаруу боюнча ыр кароо-сынагы болуп өттү. Мында ырды аткаруу чеберчилиги гана бааланбастан, сөздөрдү туура айта билүүсү кошо бааланды.
Бул кароо-сынакка студенттер жана окуучулардан 28 катышуучу болду. Комиссиянын курамына 11 адам Кытай жарандары болду. Ар түрлүү компаниялардан, университеттердин мугалимдери болду.
Таланты менен тамшандырган, көрүүчүлөрдүн колдоосуна жогорку деңгээлде ээ болгон биздин гимназиянын, сахнанын жылдызы 8-З класстын окуучусу Майрамбек уулу Ырыскелди катышты.
Бали-бали, ырынын мазмуну белгилүү кинодон алынган, тоолук кыз, согуш мезгилин билдирген жан дүйнөгө өзгөчө сезимдерди тартуулады. Ыры жүрөккө укмуш, керемет эргүүнү жаратты.
1-орунга ээ болуп, Ардак грамота, кол саат, 5000 сом өлчөмүндө сыйлык менен сыйланды.
Ырыскелди, сага төгүлбөс талант, түгөнгүс билимди каалайбыз! Азаматсың, Ырыскелди! Дагы бир жолу ийгилигиң менен куттуктайбыз!
Ушундай талантуу окуучуну даярдаган лаошылар: Маржан, Кыдырбек кызы Айкеримди куттуктайбыз! Сиздерге да талыкпас эмгек, кажыбас кайрат каалайбыз!
Комментарии