Кытай ырлары-2021
Ж.Баласагын атындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган “Кытай ырлары -2021” сынагы болду. Сынакка 21 катышуучу ат салышты. Сынакта таланты гана бааланбастан, сүйлөө кеби да кошо айкалыша бааланды. Жыйынтыгында, 1-орунга 10-В кл. окуучусу Жыргалбек уулу Байэл, мугалими Жолдошбекова Толгонай, 2-орунга 10-Е кл. окуучусу Русланбекова Аруузада, мугалими Кыдырбек кызы Айкерим, 3-орунга 7-З кл. окуучусу Исагулова Назгүл, мугалими Көчөрбаева Нуриза, ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн 9-ж кл. окуучусу Канатова Сайкал , мугалими Абдыкадыр Таалайкүл, 11-в кл. окуучусу Кудисова Алия мугалими Тойгожоева Венера Мактоо баракчасы менен сыйланды.
Билим менен таланты айкалыштыра билген жеңүүчүлөр, силер азаматсыңар!
Сыйлыгыңар кут болсун! Биз сиздер менен сыймыктанабыз, сүйүктүү окуучулар жана лаошылар!!!
Комментарии