ПРЕЗИДЕНТТИК САПАР №69 ГИМНАЗИЯДА
Мамлекетибиздин Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович 6-февралда Бишкектеги мектептердеги билим берүүнүн абалы боюнча таанышуу сапарында Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс –гимназиясында да болду. Президентибиз менен бирге КРнын Билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гульмира Каримовна , Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмильбекович да келишти.
Президентибиз Сооронбай Жээнбековду №69 окуу-тарбия комплекс –гимназиясынын директору Сайрагул Токтосуновна Атаева тосуп алуу менен гимназиянын тарыхы, бүгүнкү күндөгү турмушу, окуу-тарбия иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Алгач англис тили, башталгыч класстын кабинеттерин көрүп, андагы окуучулардын саны ченемден көп экендигине күбө болду. Мультимедиялык немец тили кабинети жана китепкана менен таанышып, ошол учурда семинар-тренигди өтүп жаткан башталгыч класстын мугалим А.Д. Мааткеримовага ыраазычылык билдирип, катышуучуларына өз каалоосун айтты.
Замандын талабы болгон мамлекетти санариптештирүүгө ылайык гимназияда жүрүп жаткан “Коопсуз мектеп” долбоорунун иши тууралуу Сайрагул Токтосуновна баса белгиледи.. Андан сырткары, тест борборунун иштөө тартибин, видео көзөмөлдү жана ашкананы көрдү. Окуучулардын билим алуу менен бирге элибиздин нукура маданиятын унутпай, аздектеп алып жүргөндөрү Президентибизди кубандыра алды . Алсак,акт залындагы ийрим жетекчилери : Кутманаалы Мейманбекович Султанбековдун 4- 7-класстын окуучуларына өтүп жаткан ооз комуз сабагы, Элмира Чыңгышеванын комуз тобу, Алина Закирбекованын, Эрмек Керимбаевдин бий тобу айкын күбө.
Эң негизгиси гимназиянын директору окуучулардын сыйымдуулугу мектепке жайгашууга мүмкүн эместигин, ошондуктан азыркы учурда ата-энелердин, окуучулардын суроо-талабын канааттандырууда 80% гана кабыл алып жаткандыгын айтып өттү.
Президенттик сапардын соңунда Бишкек шаарынын мэри Азиз Эмильбекович Суракматов гимназияга дагы кошумча имараттын керек экендигин долбоор картасында айтып берди.
Президентибиз жогорудагы сунушталган долбоорду колдоп, гимназия үчүн кошумча жаңы имарат курула тургандыгын билдирди.
Комментарии