Педагогикалык устакана

                                           Педагогдор  менен  усулдук иштердин иштөө формасы

      Методикалык иштин уюштуруу формалары ( жамааттык, топтук, жекече) уюштуруу ыкмасы боюнча, ошондой эле катышуучулардын активдүүлүгүнүн даражасы боюнча (активдүү, пассивдүү) бөлүнөт.

Методикалык кызматтын ишинин пассивдүү формалары көбүнчө  репродуктивдүү ой жүгүртүү ишмердүүлүккө багытталган жана мугалимдердин иш жүзүндөгү өнүгүүсү үчүн негиз болуп саналат.

Активдүү формалар мугалимдердин изденүүсүнө, чыгармачылык изилдөө ишмердүүлүгүнө түрткү берет жана мугалимдердин тез арада өнүгүүсүнө багытталган.

 

Усулдук иштердин формаларынын  эң эффективтүүлүгү болуп төмөнкүлөр саналат:

 

  • теориялык семинар
  • семинар-практикум
  • илимий –практикалык конференция
  • усулдук декада
  • илимдер күндөрү
  • усулдук фестиваль
  • усулдук мозаика
  • дискуссия
  • усулдук ринг
  • ишмердик оюн
  • педагогикалык КВН
  • акыл чабуу
  • тренинг
  • видеотренинг
  • педагогикалык окуу
  • лекторий
  • кесиптик көргөзмө
  • долбоорду жактоо
  • тематикалык педагогикалык кеңеш
  • ачык сабактар.

Квалификацияны жогорулатуу формасынын максатына ылайык келүүсү

 

Максаты Форма
Педагогикалык техникасын  өнүктүрүү Семинарлар ,практикумдар , жаштар мектеби
Педагогикалык чеберчилигин  өнүктүрүү Педагогикалык устакана
Чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү Чыгармачыл топтор
Педагогикалык ишмердүүлүгүнүн  стилинин калыптанышы Мастер класстар ,тренинги
Инновацияларга даярдыгын калыптандыруу Педагогикалык устакананын мектеби
Педагогикалык маданиятты калыптандыруу Психолого –педагогикалык , усулдук семинар-практикумдар
Автордук ,методикалар ,программалар, технологияларды иштеп чыгуу Долбоорлоо семинарлары
Жеке ,дидактикалык ,тарбиялык ,усулдук системаны түзүү Педагогикалык тажрыйбанын мектеби, илимий- усулдук семинарлар