Башталгыч класстар бирикмеси

Усулдук бирикменин методикалык темасы:

«Окуучулардын таанып -билүү жөндөмдүүлүгүн арттырууда профилдик окутуунун негизинде окуучулардын билимин билгичтиктерин жогорулатуу»

 

Максаты:

  • Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун процессинде сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк берген жагымдуу окутуу чөйрөсүн түзүү менен окуучулардын кызыгуусун, жөндөмдүүлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн калыптандыруу.

Милдеттери:

  • Профилдик окутуунун усулдук иштерин жогорулатуу;
  • Мектепте профилдик окутуудагы чыгармачыл иштерди уюштурууну жолго коюда усулдук бирикменин мугалимдеринин ишмердүүлүгүн көрсөтүү;
  • Окуучулардын өздөштүрүүсүн, жетишкендиктерин бирикменин жумалыктарын, олимпиадаларды, конкурстарды уюштуруу менен өркүндөтүү;
  • Адабий тилдеги оозеки жана жазуу кебин калыптандыруу, сабаттуулугун өнүктүрүү;
  • Окуучулардын тапкычтык, ишмердүүлүк сыяктуу сапаттарын жана илимий көз караштарын өнүктүрүү болуп эсептелет.  

Гуманитардык бирикмеде 15 мугалим эмгектенет

  • 4 мугалим тарых, адам жана коом сабактарынан беришет.
  • 11 мугалим кыргыз тили жана адабияты, адеп сабактарынан беришет.   

Алардын ичинен:

  • 4 мугалим Эл агартуунун отличниги,
  • 7 мугалим жогорку категорияда,
  • 1 мугалим 1-категорияда,
  • 2  мугалим 2-категорияда,
  • 5  мугалимжашадистер.

Мугалимдер жөнүндө маалымат

Башталгыч класстар бирикмеси

     Бирикменин жылдык планы

     Бирикменин ишмердүүлүгү

Башталгыч класстар бирикмеси

   Олимпиада

    Ачык сабактар

Башталгыч класстар бирикмеси

     Изилдөө иштери

   Мектептен тышкаркы  иш  чаралар

Башталгыч класстар бирикмеси

    Протоколдор, маалымдамалар

Усулдук бирикменин темасы:

 

 

Башталгыч класстардын 1 жарым жылдык иш планы

Башталгыч класстарда предметтерди баалоо

Башталгыч класс бирикмесинин  2018-2019-окуу жылына карата ички баалоо  боюнча мониторинги

Башталгыч класстар бирикмесинин протоколдору,  маалымдамалары.  

 

Бүгүнкү  күндѳгү  мектептин  ишин  «Билим  берүү Законуна» ылайык  түп тамырынан  бери жаңылоо  маселеси –бул  кѳбүнчѳ  ар бир мугалимдин  окуучуларды  сапаттуу окутуп ,тарбиялоого канчалык  даражада  профессионалдуу   мамиле жасашына  ,канчалык  ал  ѳзүнүн  педагогикалык устаттыгын  ,идеялык  ишенимин ,эрудициясын  жана жалпы  маданиятын ѳркүндѳтѳ ала тургандыгынан кѳз каранды.Мектеп ишин жаңылап жакшыртуунун бардык маселелеринин ичинен  окуу предметтерин жогорку илимий –методикалык деңгээлде окутуунун  негизинде окуучулардын билимдеринин ,билгичтиктеринин  жана кѳндүмдѳрүнүн сапатын жогорулатып,окуучулардын ишмердүүлүктѳрүн  ѳркүндѳтүү  эң  башкы  милдет  болуп  эсептелет. Мына ушундай кѳндүмгѳ ээ болу у башталгыч класстан баштап ишке ашырылат.Ал к ѳндүмдѳр  жазуу кѳндүмү,окуу кѳндүмү,саноо  кѳндүмү.Бул  кѳндүмдѳр инновациялык алдыңкы тажырыйба практиканын ,эксперименталдык  талдоонун жана таанып-билүүчүлүк  байкоонун  негизинде ишке  ашырылат.Ушул негизде педагогикалык анализдѳѳ ѳткѳрүлүп  туруусу зарыл. Мектепке коюлуучу азыркы   социалдык   талаптар  билим  берүүнүн  максаттарынын жана  милдеттеринин  биримдиги  окуу   пландарынын  жана программаларынын  ийкемдүүлүгү менен шайкеш  келип,алдыңкы педагогикалык  практикага   ,окутуунун жана   тарбиялоонун  инновациялык  методдоруна   таянуу менен  ишке  ашырылып   жатат.                                                                                                                          Азыркы мезгилдин талабына ылайык башталгыч класстарда 60 жылдардын көрүнүктүү окумуштуу,психологу   Л.В.Занковдун  инсандын ѳнүгүп-ѳсүү технологиясы ,Исак Бекбоевдин инсанга багытталган  окутуусун  колдонуу ѳзгѳчѳ мааниге ээ болуп келүүдѳ. Бул эки технология тең жеке инсанга багытталган окутууну  камтыйт. Чындыгы жеке инсанга багытталган окутуу  ар бир  окуучуну  анын жекече билим алууга  муктаждыктарына  ылайык  келген баалуу билим  тажрыйбасы менен камсыз кылууну кѳздѳйт.Класста таланттары ачылбай жүргѳн жана таанып билүү стилдери ар башка болгон  окуучулар болушу мүмкүн. Окутуунун жана балоонун  усулдарынын  кѳп  түрдүүлүгү  мугалимге кайсы  класста  болбосун  кѳптѳгѳн окутуу усулдарын жана стилдерди пайдаланууга ,окуучулардын  таанып билүү билгичтиктерин ѳнүктүрүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.Мугалимдер  класста жекече иш жүргүзүүгѳ убакыт жетишпей кала тургандыгын кѳп айтышат. Бул проблеманы  окутуунун  ар кандай усулдарынын ,ар кандай стилинин жана окутуунун талабына ылайык  алардын жекече ѳзгѳчѳлүктѳрүн эске алуу менен  чечүүгѳ болот.Инсандыкка багытоочу сабакта:

1) окуучу менен мугалимдин  өз ара мамилелешүүсү командалыктан кызматташтыкка өзгөрөт;

2) мугалимдин иши сабактын натыйжалуулугуна гана эмес баланын окуу процессинде кандайча жүргөнүн аныктоого багытталат;

3) окуучунун позициясы өзгөрөт ал жөн эле тил алгыч аткаруучулуктан активдүү чыгармачылыкка, маселе чыгаруудагы  өзүнүн интелектуалдык аракеттерин (анын ичинде катачылыктарын да ) рефлексиялоочулукка (өз башынан өткөргөндөрдү  анализдөөчүлүккө) көнүгөт.                                                                       Ал эми багытталган мектептеги башкы максат-ар бир баланын жөндөмүн  ачып аныктоо жана аны өнүктүрүү болуп эсептелет.Мына ушул максатта башталгыч класстарда төмөндөгүдөй  инновациялык-экисперименталдык иштер жүргүзүлүүдө .

Мектепке даярдоо-группасын кабыл алууда  ал окуучунун окуу билгичтиктери (окуу,эсептөө,жазуу,сүрөт тартуу) эмес,баланын  кызматташтыкка даярдыгын ,анын мектеп жөнүндөгү түшүнүгү ,курчап турган дүйнө жөнүндө маалыматтары каралат .Демек мектепке жаңы кире турган окуучунун мугалимге керектүү 3 принциби бар

Мына ушул принциптерди эске алуу менен мектепке даярдоо группасы 360 сааттык атайын түзүлгөн ,билим берүү башкармалыгы тарабынан  бекитилген программа менен  октябрь айынан окутулуп жатат. Бул программанын максаты:

  • Окуучулардын таанып билүүсүн ѳнүктүрүү
  • Сабаттулукка үйрѳтүү
  • Окуучулардын табият тартуулаган жѳндѳм-шыктарын ѳстүрүү

Интерактивдүү оюн- психикасын ,ишкер маанайга алмаштыруу,идеяларын эркин чагылдырып,активдүү болууга шарт түзүү болуп саналат.

Бул программанын жыйынтыгында тѳмѳндѳгүдѳй жыйынтыктар күтүлѳт

  • Окуучу ѳз оюн эркин билдирүүгѳ машыгат
  • Ынтымактуулук менен бири-бирин угууга,кезектешип жоопкерчилик менен иштѳѳгѳ үйрѳнүшѳт.
  • Китеп менен иштѳѳнү(сүрѳттѳрдү,фигураларды,чиймелерди,белгилерди,сандардын аталышын жана жазылышын)билишет.
  • Билим алууда жана таанып билүүдѳ ишмердүүлүккѳ ээ болушат.

2014/15-окуу жылында мектепке даярдоого 20 бала  кабыл алынган.Булардын ичинен 19 бала азыркы учурда биздин мектепте окуусун улантууда .Бул окуучулар азыркы 1-класстын лидер окуучуларынын катарында .Булардын арасында 1-класстын окуучусу 35 сөзгө чейин окуй турган болсо 90 сөзгө чейин окуган окуучулар бар.

Гимназияда  башталгыч 1-3 класстардын окуучулары үчүн кошумча акы тѳлѳп билим берүү киргизилген.Кошумча акы тѳлѳп билим берүү КРнын граждандык кодексинин,КРнын Билим берүү  Керектѳѳчүнүн коргоо укуктарынын Мыйзамдарынын ж.б норматтивдик укуктук актыларынын негизине ылайык ѳткѳрүлѳт.Акы тѳлѳп кошумча билим берүү :

-Базистик окуу пландан тышкары окутулат

– Жыл сайын тарифтер Билим берүү жана  илим министрлиги тарабынан бекитилет

Ата –эне менен бирдикте арыз кабыл алынгандан кийин келишим  түзүлүп,белгиленген расписание   боюнча  окуучулардын калоосу менен тандап алган предметтери окутулат. Окуучунун мугалимди ѳзү тандап алууга да укугу бар.

Кошумча акы тѳлѳп билим берүүгѳ карата мугалимдер тарабынан 14 модификацияланган  программалар  түзүлгѳн.Ал программалар Билим берүү башкармалыгынын ар бир предметтер боюнча   эксперттик тобу тарабынан каралып, бекитилген.

Алардын ичинен   8 программа негизги предметтерден (кыргыз тили,математика) жана орус тил предметинен

Класс Сабактын  аты Программанын аталышы
1 Математика Математика-акылдын ачкычы
1 Алиппе Тамгалар дүйнѳсү
2 Математика Логика
2 Кыргыз тили Эне тилим-менин дилим
3 Математика Кѳңүлдүү математика
3 Кыргыз тили Тил- руханий байлык
1 Орус тили Познавайка
2 Орус тили Маленький грамотей
3 Орус тили Мир вокруг  нас

 

 

6 программа чет тилдерди( немис тили,англис тили,орус тили) камтыйт.

Класс Сабактын  аты Программанын аталышы
1 Англис тили Биринчи достор
2 Англис тили Сыйкырдуу сѳздѳр
3 Англис тили Англис тилинде сүйлѳйбүз
1 Немис тили Ыр аркылуу үйрѳнѳбүз
2 Немис тили Кызыктуу грамматика
3 Немис тили Жомоктор дүйнѳсүндо

 

Кенже класстын окуучуларынын жаш ѳзгѳчүлүктѳрүн жана башталгыч мектептин билим берүүдѳгү ордун эске алуу менен бирге эл аралык стандарт сакталган.Бул билим берүү программалары окуучулардын инсандык касиеттерин (тактык,тыкандык,тырышчаактык ж.б)тарбиялоо,функционалдык касиеттерин (кѳңүл буруу,кабыл алуу,эске тутуу,ой жүгүртүү,оозеки жана жазуу кеби)ѳнүктүрүү,окуп үйрѳнүү ишмердүүлүктѳрүн(пландаштыруу,ѳзүн-ѳзү текшерүү,жыйынтык чыгаруу)калыптандырууну камтыйт.

1-класстан баштап эле немис тили,англис тил сабактары кошумча акы төлөп билим берүүнүн эсебинен  ата-энелердин жардамы менен (кошумча акы тѳлѳѳнүн эсебинен) киргизиле баштайт.Бул ортоңку жана жогорку класстардагы тереңдетилген немис тили сабагы боюнча тил дипломунун баскычтарына даярдыкка ѳбѳлгѳ түзүүгѳ,SPRACH дипломуна даярдык кѳрүүгѳ,окуучулардын чет элдердин маданияты боюнча кругозорун  кеңейтүүгѳ жардам берет.Ал эми англис тили кытай тилин 5-класстан баштап оңой алып кетүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.Ал эми негизги предметтерден жана орус тили сабактарынан өткөрүлгөн кошумча билим берүүдө мугалимдер окуучулардын логикасын өстүрүүчү,өнүгүп өсүүсүнө өбөлгө түзүүчү,таанып билүүсүн өркүндөтүүчү сабактарды өткөрүүгө,предметтик  тесттерди жүргүзүүгө, чыгармачылык иштерди  аткарууга  ж.б. мүмкүнчүлүк алышууда.

Кошумча билим берүү башталгыч класстардын окуучуларынын үзгүлтүксүз билим алышын шарттайт.       

Ал эми орус педагогу Л.С.Выготскийдин балалык билим,билгичтик,көндүмдөрүн өздөштүрүү жана С.Л.Рубуштейндин баланын таанып  билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү технологиясына таянып балада болгон психикалык процесстердин жана инсандык мүнөздөрүнүн өзгөрүшү менен башталгыч класстан ортоңку звеного өтүүдө,уланмалуулукту сактоодо кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө болот. Башталгыч мектепте класстарды багыт боюнча тандап алуу менен окуу процессинин уюштурулушунан тышкары анын таанып билүүчүлүк жөндөмүнүн өнүгүүсүнүн жакынкы зонасына да ылайык келүүсүнө көз салып отуруу абзел.Ушул максатта,бизде предметтик окутуу 3 жылдан бери эксперимент катары иштетилип  быйылкы окуу жылында аяктоо этабында турат. Башталгыч мектептен ортоңку звеного өтүүдө төмөндөгүлөр шарталат.

 

Окуучуларга байкоо жүргүзүүдө ,ушул мезгилде окуучулар абдан чачкын ,мугалим менен тил табышуунун  жолун таба албай турган учуру байкалган ошондой эле китептеги түшүнүксүз сөздөр ,терминдер да баланын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салат.Ал эми окуучуларды аз аздан предметтик окууга өткөрүү баланы көндүм адатка алып келет.

Предметтик окутуунун максаты:

I баскычтагы окутуудан  II баскычка өткөрүүнүн ийгиликтүү аякташы

Предметтик окутуунун милдети:

-окуучулардын физикалык жана психологиялык жактан ден соолугун чыңдоо

-педагогикалык-психологиялык шарттарды түзүү ,башталгыч класстын окуучуларынын  ар кандай окутуу кырдаалдарынан тоскоолдуксуз өтүп кетүүсүнө көнүктүрүү

-окутуунун эң мыкты мотивизациясын киргизүү

Предметтик окутуунун принциптери:

окутууга карата максаттуу иш чараларды  өткөрүү

-окуучулардын көндүмдөрүн камсыз кылуу иштерин жүргүзүү

-окуу процессинде класстан тышкаркы иш чараларга диагностика жүргүзүп туруу.

Предметик окутуунун 2 жылдык жыйынтыгы  боюнча предметтик мугалимдерден,окуучулардан жана ата-энелерден алынган анкеталар,ангемелешүүлөр  предметтик окутуунун  көп жакшы жактарын  белгилешүүдө.Башталгыч класстарда мындан сырткары Германиянын мамлекеттер аралык көмөктөшүү коомунун « Башталгыч мектептте активдүү окутуунун педагогикалык технологиялары» жана педагогикалык практиканы өткөрүүнүн  менторлорун даярдоо,  «Интерактивдүү окутуунун  ыкмалары», «Айылдык билим берүү долбоорунун» ,« Окуучуларды баалоо.Жаңыча мамилелер жана усулдар» боюнча  билимдерин өркүндөтүшүүдө.