“Эр жигит” конкурсу
Гимназиябызда 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө жана Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү жана өз мекенибизге берилип, аскердик милдетти аткарып келгендерге чоң ыраазычылык билдирип, таазим этүү күнүнө карата Абдылдаев Иманкул агайдын жетекчилиги менен 10-класстар арасында “Эр жигит” конкурсу өткөрүлдү. Класстардын даярдыгы “эң мыкты” деңгээлде болду. Конкурста атайын чакырылган коноктор-Ооган согушунун катышуучулары калыстык кылышты.
Жыйынтыгында 1-орунду 10-В классы, 2-орунду 10-Д классы, 3-орунду 10-А классы багындырды.
Патриот, намыскөй, мекенчил азаматтар эр жетип келе жаткандыгы баарыбызды кубандырат .
Окуучуларга ден соолук, кең келечек, окууларына ийгилик каалайбыз.
Комментарии