“Устаттан аманат” аттуу концертке катышуу
2024-жылдын 28-февралында “Салттуу музыка” жумалыгынын 20 жылдыгына карата жана “Маржан” тобунун 15 жылдыгына карата Т.Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда “Устаттан аманат” аттуу чоң программадагы концерт болуп өттү. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен гимназиябыздын ийрим жетекчилери Беназира Токтобекова, Назгул Каныбек кызы сыйланышты. Концертке өздөрү жетектеген дастан ийриминин окучулары да катышты. 6-Е класстын окуучулары Айдарбекова Айбийке, Каналбекова Айдай, Дастанова Самира, Нуркамилова Аэлита, Турсунбекова Ажара, Жайлообаева Айбийке 6-А, Жапарова Мүрөк 6-А, Асанбаева Назик6-А, Бактыгулов Али 5-З, Турсунбекова Каниет 5-А, Арстанбекова Мирана 5-Б, Азисбекова Айбийке 5-Б, Улукбекова Сумая 5-Б катышып “Ыраазычылык кат” менен сыйланышты.
Сыйлыгыңыздар кут болсун!!!
Комментарии