Биз сыймыктанган бүтүрүүчү
https://www.facebook.com/share/p/QLgPf8BK9uZkknQE/?mibextid=oFDknk
Назар Турдубеков 2022-2023- окуу жылында Бишкек шаарындагы #69 окуу- тарбия комплекс- гимназиясынын немис тил багытындагы класста окуп билим алган. Ал абдан аракетчил, тырышчаак жана келечекте көптү үмүттөндүргөн гимназиянын алдыңкы окуучуларынын бири болгон. Мектепте окуп жүргөндө эле өзүнүн максаттары, тилектери бийик болгондугун мугалимдери айтып келишет.
Мындан сырткары гимназиянын бүтүрүүчүлөрү Германиянын бир канча жогорку окуу жайларына өтүштү. Өткөн жылга карата 1 бүтүрүүчүбүз жогорку окуу жайда жана 10 окуучу Ausbildung-орто кесиптик окуу жайында билим алып жатышат.
Биз алар менен сыймыктанабыз жана Германия мамлекети менен болгон кызматташтыкты мындан да бекемдеп, келечекте мамлекетибиздин келечегин аныктаган мыкты атуулдарды тарбиялап чыгарабыз деген үмүттөбүз.
Комментарии