Кытай жаз майрамы-2024
29.01.24 Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Кытай жаз майрамы” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага 3-11-класстардын окуучулары катышып, таланттары менен таӊ калтырышты.
Иш-чарага Билим берүү башкармалыгынан, 1-Май райондук билим берүү борборунан, Синьцзянь Педагогикалык университетинен, Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту тарабынан коноктор келип катышып кетишти. Алар окуучулардын билими менен айкалыштыра талантын алып барып жаткандыгына баа беришип, ыраазычылыктарын билдиришти.
Коноктор: Синьцзянь Педагогикалык университетинин комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чжиёнгду, Геология академиясынын катчысы Ван Юнхуй, Эл аралык кызматташтык жана алмашуу бюросунун директорунун орун басары Хан Жионг, Илимий-изилдөөлөр бөлүмүнүн директорунун орун басары Ян Сайсюн, Кадрлар департаментинин директорунун орун басары Чжан Ансин, Эл аралык маданий алмашуу боюнча орун басары Лю Вэйцян, Конфуций институтунун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Ван Пың, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы Конфуций институтунун директору Чен Жигуо келишти.
Азаматсыӊар, биздин сүйүктүү окуучуларыбыз, лаошылар! Талантуу окуучуларды даярдаган лаошыларга , окуучуларга ыраазычылыкты билдиребиз!!!
Комментарии