Кытайча аңгеме айтуу -2021
Ж.Баласагын атындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган “ Кытай аңгемесин айтуу жана Кытай менен Кыргызстандын достугун улантуу“ темасында сүйлөө речинин сынагы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Сынакта 21 окуучу катышып, гимназиянын окуучулары байгелүү орундарга ээ болушту. Сынактын талаптары жогору болгондугуна карабастан, жемиштүү болду. Алсак, 11-В классынын окуучусу Чолпон кызы Нурзат 2-орунга, мугалими Кыдырбек кызы Айкерим , 3-орунга: 9-з классынын окуучусу Турдубаева Айжан, мугалими Көчөрбаева Нуриза, 9-и классынын окуучусу Анарбекова Алтынай, мугалими Жолдошбекова Толгонай , ошондой сүйлөө кебинде өздөрүн мыкты, жогорку деңгээлде көрсөтө алгандыктары үчүн кызыктыруучу сыйлыкка 9-ж классынын окуучулары: Нурдавлетов Эржан, мугалими Тойгожоева Венера, Таштанбекова Алтынай мугалими Абдыкадыр Таалайкүл мактоо баракчасы менен сыйланды.
Өз эне тилин гана эмес, башка тилдерди да мыкты өздөштүрүшкөн сүйүктүү окуучуларыбызга жана аларды таптап, таймашка такшалткан устаттарга ыраазычылык билдирүү менен дагы ийгиликтерди багындыра бергиле демекчи гимназия жамааты.
Азаматсыңар ийгилик ээлери!!!
Комментарии