“ОКУ!” долбоорунун алкагындагы республикалык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоочу аземи
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 11-декабрда “ОКУ!” долбоорунун алкагындагы республикалык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоочу аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында гимназиябыздын “Актердук чеберчилик” ийрими Айтматовдун чыгармаларынан түзүлгөн чакан сахналык көрүнүштү тартуулап, фольклордук ансамбли концерттик чыгармаларды аткарды.
“Актердук чеберчилик” ийриминин окуучуларына Ч. Айтматовдун үй-бүлөсүнүн атынан залкар жазуучунун калемине таандык китеп белекке берилди.
Урматтуу окуучулар сиздерге окуудагы жетишкендиктерди каалоо менен, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Окуучуларды маданий чөйрөдө тарбиялоодо зор салымын кошуп жаткан ийрим жетекчилери Элдияр Джарашев, Эдил Үсөнбек уулуна ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии