Предметтик олимпиада -2021
Жыл сайын өткөрүлүүчү предметтик олимпиада болуп өттү. Райондук деңгээлде кыргыз тили жана адабияты боюнча 10-А кл. окуучулары: Азамат кызы Зейнеп 1-орунга, Саттарова Акмаанай 2-орунга ээ болду, мугалими Усупбай уулу Кенжекул. Ал эми орус тили жана адабияты боюнча 10-А кл окуучусу Бейшенбекова Малика 2-орунду багындырды, мугалими Акматова Бегайым Кеңешбековна.
Шаардык деңгээлдеги олимпиадада орус тили жана адабияты боюнча 10-А кл окуучусу Бейшенбекова Малика 2-орунга ээ болуп, республикалык олимпиадага жолдомо алды.
Кыргыз тили жана адабияты боюнча 10-А кл. окуучусу Азамат кызы Зейнеп 3-орунга ээ болду.
Гимназия жамааты ийгиликти багындырган окуучуларды жана устаттарды куттуктайт!
Ошондой эле Бейшенбекова Маликага республикалык олимпиадада ак жол кааламакчыбыз!
Азаматсыңар, билим сересинин ийгилигин багындыра бериңиздер демекчибиз!
Комментарии