Сыргабектин илимдеги алгачкы кадамдары
Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун Билим берүү башкармалыгынын
демилгеси менен №81 мектепте “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгына карата көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөгө Бишкек шаарындагы Т .Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 7-А классынын окуучусу Жаштилеков Сыргабек информатика мугалими Жапарова Назиктин жетектөөсү менен өз ишин алып барды.
Сыргабек өз иши менен элдин кызыгуусун жарата алды. Ал ишинде электр энергиясына көз карандысыз заманбап үйлөрдөгү лифттерди иштетүү жолдорун сунуштады.
Келечекте мыктып ойлоп табууларды, изденүүлөрдү сенден күтөбүз! Азаматтар! Силерге гимназия жамааты чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!
Комментарии