Кытай тили бирикмеси

Кытай тили бирикмеси

Усулдук бирикменин темасы:

Окуу-тарбия процессинде окуучулардын кытай тили боюнча компотенттүүлүктөрүн өнүктүрүү менен бирге окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана билимин билгичтигин жогорулатуу”

Максаты:  Окутуунунзаманбап технологияларын жана усулдарын колдонуу менен ар тараптан  өнүккөн, заман талабына жооп берген, атаандаштыкка туруктуу инсандарды тарбиялоо.

Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен бирге жогорку даражадагы HSK, HSKK тил  экзамен тапшыруу жана ага ээ болуу;

 Милдети: 

  • Окуучулардын кабыл алуусун өстүрүүгө шарт түзүп берүү     жана өтүлгөн лексикалык, грамматикалык материалдарды колдонуу менен өз ойлорүн эркин айтууга үйрөтүү

  • Кытайтилин тереңдетип окутууда мугалимдердин ишмердүүлүгүн жана квалификациясын жыл сайын семинар, онлайн окутуу жана Кытай мамлекетине барып окуп педагогикалык тажрыйба алмашуу программасы аркылуу жогорулатуу;

  • ОкуучулардыHSK,HSKK тил экзамендерине даярдоо жана даярдыкты күчөтүү;

  • Окуучулардын логикалык ой- жүгүртүүсүн өстүрүү жана сүйлөө речин калыптандыруу;

Кытай тили бирикмесинин курамы:

Бирикменин курамына 8 мугалими жана 3 волонтер кирет.

 

 

Мугалимдер жөнүндө маалымат

Кытай тили бирикмеси

     Бирикменин жылдык планы

     Бирикменин ишмердүүлүгү

Кытай тили бирикмеси

   Олимпиада

    Ачык сабактар

Кытай тили бирикмеси

     Изилдөө иштери

    Мектептен тышкаркы              иш-чаралар

Кытай тили бирикмеси

    Протоколдор, маалымдамалар

Кытай тили сабагы боюнча 4 кл программа

Кытай тили сабагы боюнча 5 кл гос программа

Кытай тили сабагы боюнча 5 кл мк программа

Кытай тили сабагы боюнча 5кл доп программа

6-класс программа доп

6-класс программа

Кытай тили сабагы боюнча 7 гос программа

Кытай тили сабагы боюнча 7 доп программаа

Кытай тили сабагы боюнча 7 мк

8 кл гос программа

8 кл доп программа

8 кл мектеп компаненти

9 кл жаңы программа гос (2 саат)

9 класс программа м.к

9-класс доп.программа

10-класс гос программа

Кытай тили сабагы боюнча 10 кл кошумча программа

11 гос программа

11 доп программа

11-в,е доп

гос 11-в,е

кытай жана корей тили бирикмеси жөнүндө маалымат

кытай тили кызматтык милдеттер

кытай тили баалоо критерийи

кытай тили жылдык план

Республикалык «Кытай достук кѳпүрѳсү» -2021

Адаттагыдай 2020-2021-окуу жылынын эсебинен кытай тили боюнча «Кытай достук кѳпүрѳсү» республикалык деңгээлдеги кароо-сынагы болуп ѳттү. Сынак студенттер менен биргеликте бааланды.
Биздин гимназиядан 10-В кл. окуучусу Чолпон кызы Нурзат тандалып алынган. Таптаган саяпкери Кыдырбек кызы Айкерим лаошы экѳѳ абдан чоң эмгек жумшашты. Талыкпанган эмгек ѳз жемишин берип, 2-орунга ээ болушту.
1-2-орунга ээ болгон окуучулар жылда дүйнѳлүк кароо-сынакка жолдомо алышчу. Бул жерде билими, кеби, ѳнѳрү ар тараптуу бааланды.
Азаматсыңар, жеңиш ээлери! Биз силер менен гимназия жамааты сыймыктанып, мындан ары билим сапарында, сынактарда Кыргызстандын, гимназиянын желегин желбирете бергиле демекчибиз!
Дайыма ийгиликтер коштолушуна тилектешбиз!!!

Кытай тили бирикмеси

“Кытай достук көпүрөсүндөгү”  алгачкы  кадамдар

Ж.Баласагын атындагы Конфуций институту тарабынан кытай тили боюнча  “Кытай достук көпүрөсү” сынагынын алгачкы тандоо туру болуп өттү.   Бул сынактан өткөн окуучулар республикалык сынакка жолдомо алышат. Ал сынактын жеңүүчүлөрү дүйнөлүк сынакка аттанышат.Бул сынакка жалпы 14  катышуучу болуп, 4 гана окуучу республикалык сынакка катышууга жолдомо алышты.Гимназиядан 11- Б кл. окуучусу Асанбекова Жаркынай, жетекчиси  Көчөрбаева Н.У.,    9-Ж кл. Жыргалбек уулу Байэл,  жетекчиси Жолдошбекова Т. Ж. , 8-Ж кл. Замирбек кызы Аяна, 10-В кл. Чолпон кызы  Нурзат , жетекчиси  Кыдырбек кызы Айкерим мектеп ичинен тандалып алынышып,  сынакка   катышышты.Жыйынтыгында, 10-В кл. Чолпон кызы Нурзат I орунга  ээ болду.Нурзатка жана таптаган  саяпкери Кыдырбек кызы Айкерим лаошыга  жеңиштери менен куттуктап,  республикадагы сынакка ак жол кааалайбыз!

Кытай тили бирикмесиКытай тили бирикмеси

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кытай тили бирикмесинин протоколдору, маалымдамалары  
2018-2019-окуу жылына карата ички баалоонун кытай тили  предмети боюнча мониторинги

 

Волонтер-мугалимдер №69 гимназиясында кызматта

 

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын тереңдетилген  кытай  тили предмети жөнүндө маалымат

Кытай  тили  бирикмесинин отчету. (pdf форматта)

Кытай   тили  2004-жылдан бери киргизилген. Ага Кыргызстандагы Кытай элчилиги көмөк көргөзгөн . 2009-жылдан баштап, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп, Конфуций класстары ачылган .   Волонтерлор ыктыярдуу түрдө келишип, окуучуларды кытай тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтөт . Учурда  12 класс-комплект  кытай тилин тереңдетип окуйт. Азия континенти боюнча Конфуций класстары 2012-жылы биринчи жолу   № 69 окуу-тарбия комплекс -гимназиясында  ачылды.

Кытай тили бирикмесинин башкы максаттары:Окуучуларга сапаттуу билим алууга  шарт түзүп берүү ,окуучулардын  жеке кызыгуусуна ылайык диференциалдуу окутуу жүргүзгөнгө шарт түзүү, кытай тилин эркин сүйлөө  менен бирге зарыл чөйрөдө колдоно билүүгө үйрөтүү.

Т.Сатылганов атындагы №69 гимназия- комплексинин кытай тили  бирикмесинде  8 мугалим иштейт.  Анын  ичинен   Кытай мамлекетинен келген 1 мугалим, 1 волонтер, 6 жергиликтүү мугалимдер.

Кытай тили бирикмесиндеги  бардык жаш адистердин бекитилген насаатчылары менен бирдикте иш алып барышат. Мамлекеттик стандарттын негизинде чет тилдер окутуу программасына ылайыктуу календардык -тематикалык пландар түзүлгөн.

Конфуций институту тарабынан берилген китептердин негизинде окутулат.   Кытай тили бирикмесинде предметтик  ийрим жана элективдүү  курс 5-11-класска чейин өтүлөт  жана кытай тилин тереңдетип окутууга көмөк көрсөтөт.  Конфуций институту тарабынан  ТСО(компьютерлер, парталар, интерактивдүү доска ж.б.)  жана  окуу материалдар менен жабдылган. Кабинеттердин бардыгында  дидикатикалык материалдар , көргөзмө куралдар, мамлекеттик бурч жана ар түрдүү  тиркемелер,  интерактивдүү доска, магнитафон, компьютерлер, принтер менен жабдылган.

Ошону  менен бирге кытай тилин жогорку деңгээлде окутуусунун далили болуп, Кытай мамлекети тарабынан алынган билим  деңгээлин текшерүү тесттери, сертификаттары аныктайт.

 

Мугалимдердин окутуу иши предметтик декадасы менен коштолот.      Декада учурунда ачык сабактар жана сабактан тышкаркы кечелер өткөрүлөт.Мындай кечелер окуучулардын кытай тилине болгон кызыгуусун арттырат,мугалимдин профессионалдык чеберчилигин  көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берет .Бирикмеде иштеген мугалимдер үйрөнүү ,изденүү жолунда.

Жыл сайын жайкы каникулда окуучулар жана мугалимдер өз билимдерин жогорулатуу максатында Кытай Эл Республикасынын  шаарларынан окуп келишет.

Конфуций институту тарабынан уюштурулган өз билимдерин өркүндөтүү боюнча жылына  мугалимдер стажировкадан өтүп турушат. Кытай мамлекетиниин Ся Мэн шаарына кытай тили мугалимдери     Кендирбаева А.Б. Кыдыков З., Омуралиева А.  барып келди.

2010-2011-окуу жылында Абдибаитова Бактыгүл 9-кл , 2011-2012–окуу жылында Жыргалбек уулу Улукбек, Бердибекова Майрам 10-11-кл ,  2012-2013-окуу жылында

9-класстын окуучулары Төлөсүн кызы Гүлпери , Кубанычбек кызы  Керемет  Уримчи шаарындагы Синцзян Педогогикалык университетине барып,  1 айлык курстан  окуп келишти.

2012-2013-окуу жылында Конфуций институту тарабынан уюштурулган  «Кытай достук көпүрөсү» Эл аралык кароо-сынакка катышууга жолдомо алышып,  10-Д кл.               Абдибайт к.Бактыгүл , 11-Г кл. Бердибекова Майрам   Куньмин шаарына барып,  Кытайдын өздөрү каалаган  шаарына 6 айлык бекер окууга жолдомо алып келишкен.

2012-2013-окуу жылында Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик унверситети тарабынан уюштурулуп жаткан 12-14-февралындагы жалпы билим берүүчү уюмдарынын колледж, лицей мектептердин  окуучуларынын арасындагы  кытай тили кароо-сынагында 10-Д кл. жалпы команда “Новый год в Китае” ыр номинациясы  боюнча II орунга, “Перевод художественного –литературного  текста” номинациясы боюнча 10-Д кл.Бекназар у.Бекзат  I орунга, “Выразительное чтение” номинациясы боюнча , “Лучший знаток грамматики” номинациясы боюнча  10-Д кл. Абдибайит к.Бактыгүл              I орунга, “Ведение диалог с жюри” номинациясы боюнча 10-Д кл. Дуйшоналиева Алтынай   I орунга ээ болушту.

БГУ Конфуций инстит. тарабынан уюштурулган «Кытай достук көпүрөсү» кароо-сынагында  9-Е кл. Бактыбек к. Раиса   II орунга  200сыйлыгы менен,  10-Д кл. Дуйшоналиева Алтынай II орунга  200 $ сыйлыгы менен,  Бекназаров Бекзат   III орунга  100$ сыйлыгы менен ээ болуп келишти.

2012-2013-окуу жылынын  Куньмин шаарындагы  дүйнөлүк «Кытай достук көпүрөсү» кароо-сынагынын жыйынтыгы менен 2 окуучу акысыз окууга жолдомо алышып , 11-Д классынын окуучусу Абдибаитова Бактыгүл 6 ай  акысыз окуп келди.

2013-2014-окуу жылын ноябрь айында өткөрүлгөн дүйнөлүк «Достук көпүрөсү» кароо-сынагынын  жыйынтыгы менен Куньмин шаарындагы дүйнөлүк кароо-сынакка  Бактыбек к. Раиса  катышып,   III орунга ээ болуп ,  Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына  акысыз окууну жеңип алды. Дүйнөлүк «Кытай достук көпүрөсү» кароо-сынагы өткөрүлгөндөн бери Орто Азия боюнча биринчи ирет мындай ийгилик болгондугу айкын болду. Ал эми Бактыбек кызы Раиса Кыргызстандын желегин желбиретип келди. Пекин шаарына акысыз 6 айлык окууну жеңип алды.

Азыркы учурда Бактыбек кызы Раиса 2014-2015-окуу жылынын жарым жылдыгын Пекин шаарында өз билимин өркүндөтүп жатат.